Мазмунга өтүү

Асуан

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Асуан
Саат жебеси боюнча жогорудан төмөн карай: Филе аралы, Хаттара көпүрөсү, эски шаардагы базар, Филе храмынын павильону, Фатимид көрүстөнү, Элефантина аралы, Нубия музейи
ӨлкөЕгипет
Координаттар24°05′20″ с. ш. 32°53′59″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Аянты375 км²
Борборунун бийиктиги192 м
Климатынын түрүчөл климаты
Убакыт аралыгыUTC+02:00
Калкы
Расмий тилиараб тили
Калкы351 332 адам (2021)
Жыштыгы936,8 адам/км²
Диний курамыислам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+20 97
Асуан (Мысыр)
Асуан.

Асуан - Египеттин түштүк-чыгышындагы шаар. Асуан мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 241,3 миң (2005). Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Туристтик борбор. Климаттык курорт.

Асуан - Египеттин байыркы шаарларынын бири. Байыркы египеттиктер Суин, гректер Сиена деп аташкан. Номарх Саренпут IIнин таш күмбөзү (биздин заманга чейинки 20-кылым), Ыйык Симеондун христиан монастырынын калдыгы (8-13-кылым), минарет жана көптөгөн чамгарактуу мавзолейлер (10-11-кылым) сакталган. Филе аралында Осириса менен Исида (эллада мезгилин) жана «Киоск Траяна» (грек-рим мезгил) храмдар комплекси бар. Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Асуан (азыркы Насер) суу сактагычынын курулушуна байланыштуу эстеликтер Агилкия аралына көчүрүлгөн. Жогорку индустриялык институту (1962), Нубия музейи (1997), ботаникалык бак бар. Асуан - маанилүү өнөр жай борбору. Химия (азот жер семирткичин чыгарат), металлургия, жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Мусулман-исмаилиттердин зыярат кылуучу жайы. Асуанга жакын жайгашкан гидроэнергетикалык комплекси СССРдин жардамы м-н курулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1