Асымбекова Эльмира Үмөтовна

Википедия дан

Асымбекова Эльмира Үмөтовна (1958-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) - кардиолог, медицина илимдеринин доктору (2000). КММИни (1981), СССР МИАнын Бүткүл союздук кардиология илимий борборунун аспирантурасын (1986), РМИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда докторантураны (1999, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИунда кенже, улук илимий кызматкер, 2001-жылдан РМИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда илимий кызматкер. Илимий эмгеги: Возможности неинвазивной оценки проходимости пунктов по данным чреспищеводной стимуляции (авторлош). М., 1998.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1