Атабаев Кайгысыз Сердарович

Википедия дан

Атабаев Кайгысыз Сердарович (1887-1937) - советтик мамлекеттик ишмер, Орто Азияда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышуучу.

  • 1918-жылдан КПССтин мүчөсү. Дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ташкен шаарындагы мугалимдер семинариясын бүткөн.
  • 1917-жылга чейин мугалим жана банк чиновниги болуп иштеген.
  • 1917-18-ж. Мерв уездеги Жумушчу жана солдат депутаттар советтеринин түркмөн секциясынын жетекчилеринин бири.
  • 1919-ж. Советтердин Мерв аткомунун председателине орун басар жана анын председатели.
  • 1919жылдын ноябрынан 1920-жылдын июлуна чейин Закаспий облревкомунун председатели, андан кийин Түркстан АССР жер иштер эл комиссары.
  • 1920-жылдын июлунан Түркстан КП(б) Аткомуна мүчө, 1920-жылдын сентябрынан Түркстан АССР ЭКСтин председатели.
  • 1923-жылдан Бухара Элдик Советтик Республикасынын Назирлер (Комиссарлар) Советинин Председателине орун басар.
  • 1924-ж. октябрынан Түркмөн ревкомуна (Түркмөн ССРинин биринчи өкмөтү) мүчө.
  • 1925-жылдын февралынан Түркмөн ССР ЭКСтин председатели. ВКП(б)нин 14, 15, 17-съезддеринин делегаты.
  • 1924- 37-ж. Түркмөнстан КП(б) БКнын бюро мүчөсү. Атабаев Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.