Аташ-Чапкан, өзөн
Аташ-Чапкан
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 35 км |
бассейндин аянты | 288 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Аташ-Чапкан – Кара-Буура районунундагы суу, Күркүрөөнүн сол куймасы. Узундугу 35 км, алабынын аянты 288 км2.
Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2500 м.
Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агып, Талас өрөөнүнүн түзөңүнө чыкканда нугу кеңейип тайыздайт.
Ири куймалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Арабөк (16 км), Акташ. Жылдык орточо чыгымы 1,78 м3/сек. Май айында кирип, октябрда тартылат.
Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2