Атбара

Википедия дан
Атбара

Атбара (ар. Бахр - эль - Асуад) - Эфиопия м-н Судандагы дарыя, Нилдин оң куймасы. Узундугу 1120 км. Эфиопия тайпак тоосунан башталып, Судан платосу аркылуу агат. Орточо чыгымы 32 м3/сек (эң көп чыгымы 1815 м3/сек). Жылдын көп мезгилинде соолуп калып, Нилге жаанчыл мезгилде (июль-ноябрь) гана жетет. Суусунун курамында 200 мг/л чамасында эриген заттар кездешет. Суусунун ылайлуулугу кумдуу бороондо ого бетер күчөйт. ГЭС курулган. Чатына жакын Атбара шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Калып:River-stub