Атлантида

Википедия дан
Платон.

Атлантида аралы — ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10-12 миң жыл илгери жашагандыгы айтылат. Атлантида жөнүндөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» ж-а «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон Атлантиданы калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа м-н Түндүк Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, Атлантида цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотелъ Атлантида ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-кылымдын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын Атлантида м-н окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деңизиндеги Санторин аралы же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылгандыгына карабастан, Атлантиданын болгондугу ж-а анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1