Атлантида

Википедия дан
Атлантида аралы‎»‎ барагынан багытталды)
Платон.

Атлантида аралы — ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10-12 миң жыл илгери жашагандыгы айтылат. Атлантида жөнүндөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» жана «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон Атлантиданы калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа менен Түндүк Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, Атлантида цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотел Атлантида ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-кылымдын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын Атлантида менен окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деңизиндеги Санторин аралы же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылгандыгына карабастан, Атлантиданын болгондугу жана анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1