Атмосфера циркуляциясы

Википедия дан

Атмосфера циркуляциясы - атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өңчөй болбогондугуна жана башкага байланыштуу. Атмосфера циркуляциясы жалпы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасындагы агымдар) жана жергиликтүү (керимсел, желаргы жана башка) болуп экиге бөлүнөт. Атмосферанын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жергиликтүү циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мисалы, Кыргызстандагы санташ, улан, керимсел жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1