Аттокуров Жапар

Википедия дан

Аттокуров Жапар 1923-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • 1930-жылы айылдагы Кызыл-Октябрь башталгыч төрт жылдык мектебине кирип, 1934-жылы бүткөндөн кийин, окуусун андан ары улантпай, 11 жашынан баштап, колхоздун ар кандай жумуштарында иштеген.
  • 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, жашы жете элек болсо дагы, агасы Капардын ордуна согушка кеткен.
  • Алгач Кавказдагы урушка туш келип, кийин Украинаны бошотуу согушуна катышкан.
  • Ошол согуштун биринде жараат алып, дарыланып чыккандан кийин, кайрадан согушка жөнөгөн.
  • Берлинди камалоодо көрсөткөн эрдиги үчүн «За отвагу» медалы менен сыйланган.
  • Көп өтпөй эле оор жараат алып, армиядан демобилизацияланган.
  • Согуштан кийин колхоздо иштеп, андан кийин «Дружба» совхозунда мал чарбасы тармагында иштеп, пенсияга чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3