Атышов Көбөгөн

Википедия дан

Атышов Көбөгөн (20. 10. 1949-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кум-Дөбө айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1992). КМУнун география факультетин бүткөн (1971). Орто мектепте мугалим, Кыргыз Энциклопедиясында илимий редактор, КРнын УИАнын Экономика жана политология институтунда илимий кызматкер, 1995-жылдан КАЧУда кафедра башчысы, декан. 2002-03-жылдары Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердик университетинде кафедра башчысы, 2005-жылдан проректор. Эмгектери Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын экономикалык жактан баалоого жана натыйжалуу пайдаланууга, туризмди жана регионалдык экономиканы өнүктүрүүгө арналган. 100дөн ашуун илимий иштери жарыяланган. Эмгектери: Кыргызстандын туризм географиясы. Б., 1996; Туризм алкагындагы реклама. Б., 1997; Экотуризм. Б., 2005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1