Ат спорту

Википедия дан

Ат спорту — атчан аткарылуучу машыгуулар жана мелдештер. Негизги түрлөрү: ат үйрөтүү, ат ойнотуу, тоскоолдордон секиртип өтүү, спорттун үч түрү - манежде жүрүү (негизги аллюрларга көнүгүү), талаада сыноо (жолдо жүрүү, стипл-чейз, кросс) жана тоскоолдордон өтүү, ат чабыш, атчан аң уулоо, волтижировка жана башка Ат үйрөтүү - түрдүү ат жүрүшүндө (аллюрда) башкаруу чеберчилиги боюнча мелдеш 20-40 м же 20-60 м аянтта (5-12 мин) созулат. 1912-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына кирген. 1966-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт.

Ат ойнотуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чабандес чаап баратып, аттан секирип түшүп, бутун жерге тийгизип кайра ыргып минет, аттын бооруна салаңдап асылат, таскактаган ат үстүндө мээлегенин жазбай атып, акробатика көнүгүүлөрүн жасап, кайраттуулугун, шамдагайлыгын, күчтүүлүгүн жана чеберчилигин көрсөтөт. Ат ойнотуу боюнча 20-кылымдан баштап мелдеш өткөрүлүп, кийин кавалеристтерди, атчан спортчуларды даярдоодо колдонулуп келет. Ат ойнотуу жанрына окшош спорттун түрү вольтижировка деп аталат. Тоскоолдуктардан секиртип өтүү - спортчунун чечкиндүүлүгүн, кеңири жердеги аллюрда ат башкарууну жана ар түрдүү тоскоолдуктардан өтүүдө багытты тез тандап билүүнү талап кылат. Тоскоолдуктар белгилүү ат спортунун талабына ылайык тизилет. Тоскоолдордун бийиктиги, узундугу, туурасы жана аралыгы ат спортунун түрүнө жана эрежесине байланыштуу болот. Бекем орнотулган таштан жана кыштан курулган тоскоолдордун үстүнө чөптөн же чырпыкчалардан төшөлүп, ат жаракат албашы үчүн шарт түзүлөт. Ошондой эле устундар, шыргыйлар аттын буту тийгенде (туягы же тизеси) оңой эле кулап кеткидей кылып коюлат. Жай мезгилде мелдеш 80-100 мден кем эмес өлчөмдөгү аянтта, кышында да анча чоң эмес, жабык имаратта (20-30 м манежде) өткөрүлөт.

Ат спортунун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорттук көнүгүүнүн үч түрү боюнча мелдеш - ат спортунун эң татаал түрүнүн бири. Мында спортчу жана аттын жакшы даярдыгы талап кылынат. Азыр ат спортунун үч түрү бар: а) атты негизги программага ылайык таптоо; б) спортко машыктырылган атты кыска программа боюнча таптоо; в) спортко жаңыдан тартылган атты таптоо. Ат спортунун 3 түрүнөн мелдештер өткөрүлөт. Бул спорттун үч түрүнүн бирдей аткарылуучу түрлөрү бар жана алар бири биринен аткарылуучу элементтеринин татаалдыгы менен айырмаланат. Мелдеште ат 1-күнү манежде, 2-күнү талаада, 3-күнү тоскоолдуктан өтөт. Ат спортунун Эл аралык федерациясы 1921-жылы түзүлгөн. 1925-жылдан ат спорту боюнча бүткүл армиялык, осоавиахимдик (1936), бүткүл союздук (1938) мелдештер өткөрүлгөн. Ошондон бери Эл аралык федерация жыл сайын бир катар официалдуу мелдештерди уюштурат. Кыргызстанда 1948-жылдан республиканын биринчилиги үчүн мелдештер өткөрүлүп, ат спорту өнүгө баштаган. 1951-жылы Москва шаарында өткөрүлгөн биринчиликте Ысык-Көлдөгү № 54-жылкы заводунан «Гвидон» деген аты менен П. И. Мансуров СССРдин чемпиону наамын алган. Кийинки мезгилде эл аралык ар кандай мелдештерге катышып жеңишке ээ болгон ат спортунун өкүлдөрү - М. Мурсалимов, В. Хаматов, Ж. Адамкулов, М. Мамытов жана башкалар. Ат спорту боюнча атактуу спортчуларды республиканын спорт мектеби даярдайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1