Ат үйрөтүү

Википедия дан

Ат үйрөтүү - азоо жылкыны минүүгө жана күч унаа катары пайдаланууга даярдоо. Күч унаа катары пайдалануучу жылкы тай кезинен адегенде нокто, жүгөн катууга, ооздуктоого, тердик салууга, жетекке, арабанын артына байлап ээрчитүүгө, кийин каамыт салууга көнүктүрүлөт. Андан кийин алар жеңил арабага чегилип, акырындык менен жүк тартууга үйрөтүлөт. Таскакчыл асыл тукум минги жана ат спортуна пайдаланылуучу жылкылар кунан кезинен жүгөн катууга, ээр токууга, атмайданында катуу чуркоого көнүктүрүлөт. Ат спортунун көп түрүнө, манежде жүрүүгө үйрөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1