Афакия

Википедия дан

Афакия (а... жана грекче phakos - оптикалык айнек) - көз чечекейинин жоктугу. Афакия көз оор майып болгондо, кээде операциядан кийин, ошондой эле чанда тубаса болушу да мүмкүн. Анын натыйжасында көздүн жарык нурун сындыруу кубаты (рефракция) кескин өзгөрүлүп, көрүү начарлайт жана аккомадация жоголот. Афакия да томпок көз айнек же линза кийип көздүн көрүүсүн жакшыртууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1