Африка бирлигинин желеги
Африка бирлиги | |
Бекитилген |
2010-жылдын 1-январы |
---|
Африка бирлигинин желеги — Африка бирлигинин символу. Бул желек 2010-жылдын 31-январында Аддис-Абебада өткөн мамлекеттердин жана өкмөт башчыларынын ассамблеясынын 14-сессиясында кабыл алынган.
Желек тик бурчтуу жашыл түстө жана анын ортосунда Африка континентинин жашыл түстөгү силуэти, 53 ак түстөгү нурлар жана тегерете жайгашкан 53 сары түстөгү жылдыздар жайгашкан.
Желектин символикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жашыл түс африкалыктардын үмүтүн жана биримдикке болгон умтулуусун билдирет.
- Алтын түс африкалык байлыктарды жана жаркын келечекти билдирет.
- Ак түс Африканын бүткүл дүйнө жүзү боюнча чыныгы достор менен мамиле түзүү каалоосунун тазалыгын билдирет.
- Желектеги 53 жылдыз Африка Бирлигинин бардык мүчө-мамлекеттерин чагылдырат (бирок, Түштүк Судан 2011-жылдын июлунда Бирликтин 54 мүчөсү болгон; Марокконун мүчөлүгү 2017-жылдын февралында калыбына келтирилген).
Мурунку желеги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Желек тик бурчтуу жана беш тилкеден турган. Жашыл, сары жана ак тилкелер турган жана ортосунда Африка бирлигинин белгиси болгон.
Бул желек 1970-жылы кабыл алынган.
Түстөрдүн символикасы төмөнкүдөй болгон:
- жашыл түс — африкалык үмүттөрдү жана биримдикке болгон каалоону билдирген;
- сары түс — Африканын байлыгын жана жаркын келечегин билдирген;
- ак түс — Африканын бүткүл дүйнө жүзү боюнча досторуна болгон умтулууларынын тазалыгын билдирген;
- кызыл түс — африкалык тилектештикти жана Африканы боштондукка чыгаруу үчүн төгүлгөн канды билдирген.
Африкалык биримдик уюму 2002-жылы Африка бирлигине өзгөртүлгөн. 2003-жылы жаңы эмблеманы жана желекти иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланган. Бирок, 2004-жылы Аддис-Абебадагы сессиясында Африка бирлигинин Ассамблеясы мурунку символдорун сактап калуу чечимин кабыл алган.
Жаңы желек 2010-жылы иштелип чыккан жана Африканын силуэтинин чоң көлөмүнөн жана континенттин бардык өлкөлөрүн чагылдырган жылдыздардан улам биримдик идеясын айкыныраак чагылдыра баштаган.