Ахмадия кыргызча

Википедия дан

Ахмадия, Ахмадиялык Мусулман Коому (Кадианит)исламдын кээ бир баалуулуктарын жамынган диний секта. «Ахмадия» негизинен Пакистанда, азыраак Иранда жана Афганистанда жайылган. Акыркы убакытта сектанын миссионерлери өзүнүн окуусун дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө активдүү пропагандалоону жүргүзүп жатышат. Мусулман улама илимпоздордун сектанын жолун жолдоочулар исламдан чыгып калган деген өкүмүнө карабастан, сектанын жактоочулары өздөрүн көп учурда «Исламдагы Ахмадиялык кыймыл» деп аташат. Ахмадия 1882—1889-ж.ж. Иидияда Пенджабда пайда болгон. Негиздөөчүсү Мирза Гулам Ахмад (1835—1908-ж.ж.) болгон. Ал буга чейин кызматчы, кийин диний угуттөөчу болуп таанылган. Мирза алгач жөнөкөй суннит-мусулман бол¬гон. Адашкандан кийин өзун улуу окумуштуу, андан кийин— Мухаммед пайгамбардын окуучусу, андан кийин исламда пай¬да болуучу Махди 5 жана «Эңсеген Мессия», «Иисус», кийин «Мухаммед пайгамбардын кайра жаралганы», андан кийин— жаңы пайгамбар жана бардык пайгамбарлардын бир учурда кайра жаралуусу, «кудайдын уулу», жана эң акырында өзүн кайрадан жаралган Кудай деп жарыялаган.