Ахтуба (суу)

Википедия дан

Ахтуба (татарча "ак дөбө" деген мааниде түшүндүрөт) — Волганын сол салаасы.
Волгоград шаарынан 26 км жогору Волгадан бөлүнүп чыгат. Узундугу 537 км.
Ахтубанын эски нугу плотина менен тосулуп, Волганын төмөнүрөөк жагынан 6,5 км узундукта жаңы канал казылган.
Жылдык орточо чыгымы 153 км 2/сек.
Суу кирген убакта кеме жүрөт. Жээгинен Волжский, Ленинск, Ахтубинск шаарлары орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет энциклопедиясы, 1 том. Башкы редактору Асанбек Табалдиев. Фрунзе —1976