Ачем (эл)
Ачем (өз аты: ачим, аким, акем, акьем) — Гананын түштүгүндө жашаган акан эли.
Төрт топко бөлүнөт: ачем ашанти, ачем абваква, ачем котоку, ачем босом.
Ашанти, аквапим жана акваму элдерине жакын.
Саны 612 миң адам (2000).
Ачем | |
Нана Ама Адепа Ампонса Йебоа I Тафо — Ачем-Абуакванын башчысы (канышасы). | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 612 миң адам (2000) | |
Дини |
Христианчылык (протестанттар жана католиктер), |
Расалык тиби | |
Кирет |
акан |
Тууган элдер |
акваму, ашанти, аквапим |
Тил
Акваму сыяктуу, ачем эли акан тилинин диалектилердин биринде сүйлөйт.
Дин
Калктын бир бөлүлүгү христиандар (протестанттар жана католиктер).
Калгандары Ислам динин жана жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.
Коом
Коомдун ички структурасы матрилинейлик. Гана коомунун бардык чөйрөлөрүндө эл абдан жакшы көрсөтүлгөн.
Тарых
16-кылымдын аягында Ачем башчылыгы (оман) түзүлүп, ал 17-кылымдын аягында Ачем-Абуаква, Ачем-Котоку жана Ачем-Босома омандарына бөлүнүп кеткен. 1742–1831 жылдары Ашанти конфедерациясынын курамында болушкан.
Гананын тарыхы тууралуу талкуулар көбүнчө өлкөнүн көз карандысыздыгына негизги таасирин тийгизген "чоң алтылыкка" кайрылышат. Чоң алтылыктын арасында ачем эли көпчүлүктү түзөт.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- https://bigenc.ru/ethnology/text/1843140 Archived 2022-09-09 at the Wayback Machine