Ачуу

Википедия дан

Ачуу - микроорганизмдердин же алардын ферменттеринин таасири менен орг. заттардын, көбүнчө углеводдордун анаэробдук ажыроо процесси. А. процессинде энергия бөлүнүп чыгып, аны микроорганизмдер биосинтезде (клетканы курууга керектүү татаал молекулаларды жаратууда). А. к. процессинин түрлөрү : спирттик, сүт-кычкыл, май кычкыл, пропион кычкыл, уксус кычкыл жана башка Спирттик ачууда ачыткыч козу карындардын белгилүү бир түрлөрү жана алар бөлүп чыгарган ферменттердин таасири астында углевод этил спиртине жана көмүр кычкыл газына чейин ажырайт. Спирттик А. этил спиртин, глицерин жана башка тех. тамак-аш продуктуларын алууда колдонулат. Камыр ачытуу, вино, пиво даярдоо да спирттик А-га негизделген. Сүт кычкыл А. гомоферменттүү жана гетероферменттүү болуп бөлүнөт. Гомоферменттүү сүт кычкыл ачууда белгилүү топтогу сүт кычкыл бактериялары сүттүн ичиндеги кантты жалгыз гана сүт к-тасына чейин ажыратат, ал эми гетероферменттүү А-да бактериялар кантты сүт к-тасына, уксук к-тасына, этил спиртине, глицеринге чейин ажыратат. С. кычкыл ачуу сүт к-тасын алууда, сүт кычкыл азыктарын даярдоодо, жашылча-жемиш консервалоодо , капустаны ачытууда, тоют силостоодо кеңири колдонулат. Май кычкыл ачуу процессин Clostridium бактериялары жүргүзүп, углеводду, белокту май к-тасына чейин ажыратат. Булалуу өсүмдүктөрдү ( зыгыр, жут, кара куурай жана башка) алгач иштетүүдө пектин заттары май кычкыл ачуудан өтөт.

Уксус кычкыл ачууну Acetobacter бактериялары ишке ашырып этил спиртин уксус к-тасына чейин кычкылдантат. Тамак-ашка колодонулуучу уксусту алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]