Ашым Жакыпбеков

Википедия дан

Жакыпбеков, Ашым (1935–1994) - жазуучу, киносценарист жана котормочу. 1935-жылы 12-августта Киров районундагы Шекер айылында туулган. Айылында жана Суулуу-Маймактагы Ак-Чий орто мектебинен окуп, 1953-жылы Фрунзе шаарындагы №5 мектептен жетилүү аттестатын алат.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филология факультетин аяктап, 1961-жылга чейин «Ала-Тоо» адабий журналында, 1961–1964-жж. Шекер айылындагы орто мектепте орус тили мугалими болуп эмгектенген.

1964-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик басма комитетинде редактор-кеңешчи, 1965–1969-жж. «Мектеп» басмасынын Балдар жана жаштар адабияты редакциясынын башчысы, 1969–1972-жж. «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редакторунун орунбасары, 1972–1985-жж. Башкы редактору, 1987–1993-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторунун орунбасары, 1993-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бириккен улуттар уюму тарабынан кабыл алынган «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын даярдоо, өткөрүү боюнча КР «Манас» мамлекеттик дирекциясында эпостор боюнча башкы адиси катары кыргыз маданиятына эмгек сиңирген. «Жаралуу көгүчкөн» аңгемелер жыйнагы 1961-жылы чыккан.

Ашым Жакыпбековдун котормочулук өнөрү аркылуу кыргыз окурмандары С.Цвейг менен М.Лермонтовдун чыгармалары менен таанышса, 1977-жылы Ош драма театрында М.Горькийдин «Түпкүрдө» («На дне») пьесасы анын котормосунда коюлуп, чоң маданий жаңылык катары СССР маданият министрлигинин мыкты котормо үчүн сыйлыгы жана диплому ыйгарылган. Ч.Айтматовдун ондон ашык аңгеме, повесть, романдарын эне тилине которууда да кыргыз адабиятына албан кызмат өтөгөн.

Ал жазган сценарийлердин негизинде «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көз кареги», «Айдагы жезкемпир» аттуу көркөм фильмдер тартылган. «Өнөр жөнүндө баян», «Каныбек», «Советтик Кыргызстан», «Чыңгыз Айтматов» тасмаларынын редактору.

Жазуучунун «Теңири Манас» романы 1994-жылы жарык көрүп, авторуна көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Ал 1963-жылдан СССР Жазуучулар, 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаралуу көгүчкөн: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 87 б.

Катаал багыт: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1966. – 162 б.

Биз атасыз өскөнбүз: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 238 б.

Кыргыз жеринин жомоктору: Аңгемелер, киноповесттер. – Ф.: Мек-теп, 1981. – 220 б.

Шаа-Ата: Жорго жомок. – Ф.: Адабият, 1990. – 28 б.

Теңири Манас: Роман. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 560 б.

Шекерден Теңирге: А.Жакыпбековдун студенттик күндөлүктөрү. – Б.: Учкун, 2004. – 220 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Багровые облака: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1967. – 72 с.

Суровый путь: Рассказы и повесть – Ф.: Мектеп, 1975. – 144 с.

Лунная ведьма: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 80 с.


Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биз атасыз өскөнбүз: Чыгармалар жыйнагы. – Түркия, 2008. – 190 б. – түрк.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цвейг Стефан. Новеллалар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 215 б.

Лермонтов М. Ю. Биздин замандын уулу. – Ф.: Мектеп, 1970. – 139 б.

Лермонтов М. Ю. Биздин замандын уулу. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 186 б.

Лермонтов М. Ю. Биздин замандын уулу. – Ф.: Адабият, 1989. – 224 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]