Аэростатика

Википедия дан

Аэростатикагидроаэромеханиканын газ чөйрөдө, негизинен атмосферада тең салмактуулукту изилдөөчү бөлүмү. Анда гидростатикадай кысылбаган суюктуктун тең салмактуулук мыйзамы каралбастан, кысылуусу суюктуктун кысылуусунан көп эсе жогору болгон аба жана башка газдар каралат. Атмосферада атмосфералык басымдын бийиктикке көз карандылыгы, ошондой эле абада калкыган нерсени кармап турган күчтүн таасири изилденет. Аэростатиканын мыйзамдары абада учуу теориясын жана атмосферанын тең салмактуулугун изилдөөдө кеңири колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1