Аюу-Тапан өрөөнү

Википедия дан

Аюу-Тапан өрөөнү — Түштүк Кыргызстандагы Жошолу өрөөнүнүн (Гүлчөнүн алабында) бир тармагы. Узундугу- 26 км, туурасы 1–2 км. Абсолюттук бийиктиги 2800–3000 м.Өрөөн жалпы жонунан V формасында, чыгыштан батышты көздөй созулуп жатат. Аяк тарабы кууш капчыгай; тоо бет-тери корум жана шагыл таштуу. Кар көчкү көп жүрөт.
Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 16,2°С, январдыкы –8,6°С. Кыш эрте түшүп, кеч чыгат. Жазы жаанчыл, кыян жүрөт. Жылдык жаан-чачыны 400–450 мм.
Негизги суусу —Аюу-Тапан. Түштүктү караган күнгөй беттери шагылдуу аскалардан туруп, кургак талаага мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт; табыл гы, чие, итмурун, шилби ж. б. бадалдар, арча да кездешет. Өрөөндүн түндүктү караган беттери нымдуураак келгендиктен өсүмдүктөргө бай; мында карагай, арча, тал, четин, итмурун ж. б. өсөт. Токой тилкесинен жогору субальп жана альп ландшафттары мүнөздүү.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору».-Бишкек.2004