Жошолу өрөөнү

Википедия дан

Жошолу өрөөнүТүштүк Теңир-Тоодогу тепши сымал өрөөн. Алай районунун аймагында.

Гүлчө кыш-нын түн. Тарабында. Уз. 38 км, туурасы 3 км. Өрөөн терең ж-а капталдары кыска кокту-колоттуу; кургак сайлар көп кездешет. Жошолу суусунун чатынан Каратокту өрөөнүнө чейин Ак-башат тоосу (2808 м) созулуп жатат. Өрөөндүн таманы тегиз келип, оң капталында чакан аскалар, айрым жерлеринде ири үңкүрлөр кездешет. Ошондуктан бул жерди «Үңкүрбашы» деп аташат. Үңкүрлөрдүн эң ириси Жалкамышта (анын уз. 28 м, бийикт. 8-12 м, оозунун эң жазы жери 35 м). Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 19,2°С, январдыкы –7°С. Өрөөн аркылуу Жошолу суусу (куймалары: Талдыбулак, Каракокту, Кызыл- булак ж. б.) агат. Өндүрлөрүнө талаа, тоо беттерине бадалдуу арча токою, жогору бөлүгүнө субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Акбашат ж-а Гүлчө тоолорунун аймагында жарым чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо этектеринде бадалдардан четин, карагат, ыргай, шилби, итмурун, табылгы ж. б. Чөп өсүмдүктөрүнөн шыбак, сарындыз, арча чөп, буудайык, бетеге, чекенде ж. б., өрөөндүн таманындагы суу жайылмаларда тал, терек, чычырканак, долоно, шилби ж. б. өсөт. Түзөң жерлери айдалат. Өрөөндө Жошолу кыш. орун алган. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2