Аюу чач

Википедия дан
Prangos ferulacea.

Аюу чач (лат. Prangos, Lindley 1825) – чатырдуулар тукумунун шашыр (Prangos) уруусундагы түр. Көп жылдык чөп. Узун, казык тамырлуу; негизги тамыры бир нече жылда 2 мге чейин жетет. Сабагы тик, бийикт. 60-175 см, бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоң ичке бөлүкчөлөргө бөлүнгөн. Топ гүлү - 10-20 нурчалуу чатырча. Мөмөсү – кош урук, быржыктуу, жаргакча жээктүү. Көктөйүндө мал жебейт, куураганда тоют болот. Бирок тоют катары тамырлаш жалбырактары гана пайдаланылат. Кыргызстандын Чаткал, Фергана, Атойнок кырка тоолорунда кеңири таралган. Борбордук Азияда, ошондой эле Гималай тоосунда өсөт. Жергиликтүү калк тамырынын кайнатмасы менен малдын котурун айыктырууга аракет кылып келишкен. Анын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы да илимий жактан далилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Bio-stub