Аят 2 (тасма)

Википедия дан
Аят 2
Файл:Аят 2.jpg
Урааны

«Инсандын баардык жашоосу ниетине жараша болот»

Жанры

драма, мелодрама

Директору

Нургазы Эрназаров

Режиссёру

Азамат Арыков

Продюсери

Улан Усенбеков

Сценарийдин
автору

Азамат Арыков

Башкы ролдордо

Азамат Арыков
Жазгүл Акпарали кызы
Азман Азамат уулу
Рахат Бердикеев
Мирлан Абдулаев

Оператору

Санжар Абдыжапаров

Композитору

Мурзали Мээнбаев

Кинокомпания

AZMAN studio
SEA
Central Asia Film
StEM

Узактыгы

103 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2011

Super.kg

ID 849

Аят 2 — Режссёр Азамат Арыков тарабынан 2011-жылы тартылган кыргыз көркөм тасмасы.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Али – бокс менен машыккан, ыймандуу жигит. Ал дин жолуна түшүп, мушташканды таштап, жөнөкөй таксист болуп үй-бүлөсүн багып жүрөт. Бир күнү ага кримчөйрөнүн башчысы Баатырбек байланышып, бирөөгө “Али мушташка чыгат” деп сөз берип койгонун айтат. Али байкесинин сөзүн эки кылбай, таиланддык жигит менен рингге чыгат. Ошентип, каарман спортко кайра кайтып, күнү-түнү машыгууга өтөт. Акыры жеңишке жетишип, аялына бул спорттогу акыркы кадам болоруна сөз берет. Анын Аскат аттуу досу кримчөйрөнүн башчысына карыз болуп, из жашырып кетет. Артынан сая түшкөн “кримчөйрөнүн” өкүлдөрү Алиге келип, “досуңду таппасаң, эртеңки күнүңдү ойлоп койгун” деп кысым көрсөтүп, жадакалса үй-бүлөсүнө коркунуч туудурган нерселерди жасай башташат. Ошондо гана Кудайдын жолуна түшкөн Али аргасыздан Баатырбек агасына жардамга кайрылууга мажбур болот. Ошентип, ал агасынын насааты боюнча спортчулар менен кримчөйрөнүн жигиттери беттешип , абалды чечишет. Ушундай тагдыр сыноолору уламдан-улам пайда болуп отуруп, акыры тасма жакшылык менен аяктайт.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Азамат Арыков Али Али
Жазгүл Акпарали кызы Фатима Алинин аялы Фатима
Рахат Бердикеев Баатырбек Баатырбек
Мирлан Абдулаев Тима Тима