Мусабек Бошкоев
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусабек Бошкоев 1905-жылы Ысык-Көл облусунун, Түп районуна караштуу Сары-Толгой айылында туулган.
1933–35-жылдары Ташкендеги Орто Азия марксизм-ленинизм курсунда окуган.
1943-жылы Ивано-Вознесенскийдеги аскердик-саясий окуу жайын бүткөн.
Ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1935-жылдан Ош облусунун Кара-Суу пахта тазалоочу заводунда кадрлар боюнча бөлүм башчы.
Куну тери союзунун кыргыз конторасында инспектор, директор болуп иштеген.
Дан азык даярдоо кыргыз конторасында уполномочен, 1938–39-жылдары Тянь-Шань округдук аткаруу комитетинде жооптуу катчы, Кыргызстан КомПартиясынын Тогуз-Торо райкомунун 1-катчысы, партиянын Тянь-Шань округдук комитетинде бөлүм башчы.
1939–41-жылдары Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун II, I катчысы болуп иштеген.
1942–43-жылдары Токмок шаарындагы 107-кавалериялык дивизиясында – комиссар, Фрунзе облусундагы эмгекчилер депутаттарынын Сталин райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1944-жылдан Талас облустук аскер комиссариатынын начальниги, 1946–48-жылдары Кыргызстан КомПартиясынын Чүй райкомунун I катчысы, 1948–50-жылдары Ысык-Көл облусундагы Ново-Вознесеновка аткаруу комитетинде төрагынын орун басары жана облпромсоюздун төрагасы болгон.
1950–54-жылдары Түп райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл айыл чарба башкармасында капиталдык курулуш бөлүмүнүн начальниги, 1954–55-жылдары Ысык-Көл облустук айыл жана колхоз курулуш башкармасынын начальниги, 1955–58-жылдары Түп районундагы Ленин атындагы башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 1975-жылы дүйнєдєн кайткан.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Ардак Белгиси”, Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия.-Б., 2009