БУУ уставы

Википедия дан

БУУ уставы – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик биримдикке каршы коалициянын зордөөлөт мамлекеттери (СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) тарабынан иштелип чыгып, 1945-жылдын 25-июнунда 50 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан Сан-Францискодогу Конференцияда бир добуштан кабыл алынган көп тармактуу эларалык келишим. Устав алгы сөздөн, 19 главадан, 111 статьядан жана БУУнун Эларалык Сотунун Статутунан турат. Уставда анын баардык мүчөлөрүнүн эгемен теңчилиги; зор дөөлөт мамлекеттердин – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бирдей пикири (бөгөт коюу укугу); анын баардык мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди акниеттүүлүк менен аткаруусу; эларалык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУ мүчөлөрүнүн кандай гана мамлекет болбосун, анын аймактык колтийгистигине жана саясий көзкарандысыздыгына каршы корутуп-үркүтүүдөн же күч колдонуудан баштартышы; баскынчыларга каршы мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерге БУУнун көмөк көрсөтүүсү; БУУнун мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү. Устав БУУ мүчөлүгүнө кабыл алуу тартибин, башкы органдардын (Башкы Ассамблеянын, Коопсуздук Кеңешинин, Камкордук боюнча Кеңешинин, Эларалык Соттун, Катчылыктын) түзүмү менен иш-милдетин жөнгө салат; зарыл болуучу көмөкчү органдарды түзүү укугу (7-статья); эларалык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУнун тынчтыкка коркунуч туулгандагы, тынчтык бузулгандагы, баскынчылык болгондогу иш-аракети; аймактык эларалык уюмдар менен макулдашуулардын ж. б. БУУ иштери боюнча маселелердин укуктук статусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]