Баатыркан Ногой уулу

Википедия дан

Баатыркан Ногой уулу (1843-1928, Ысык-Көл өрөөнү, Сары-Дөбө айылы) Түп аймагында 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылды жетектегендердин бири; Түп болуштугунун болушу. 1916-жылдын август айында Баатыркан жетектеген көтөрүлүшчүлөр Түптөгү Преобреженский кыштагына бир нече жолу чабуул коюшкан. Бирок, курчоодогуларга жардамга келишкен жакшы куралданган орус падышачылыгынын аскерлерине туруштук бере албай чегинүүгө мажбур болушкан. Падыша өкмөтүнүн жазалоочу отрядына катуу каршылык көрсөтүшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн күчү тең болбогондуктан, айласыздан октябрь айында Кытайга кире качууга аргасыз болушкан. Качкындардын Баатырканбаштаган тобу Текес, Кулжага чейин барышкан. Алар 1818-жылы гана өз жерине кайтып келишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]