Бабакулов Манасбек

Википедия дан

Бабакулов Манасбек - (1950-жыл, Өзбекстан, Наманган облусу, Кызылрават айылы) ветеринария илимдер доктору (2005). КАЧИни (1976), Москвадагы К. И. Скрябин атындагы ветеринария академиясынын аспирантурасын (1977-82) бүтүргөн. Малды асылдандыруу станциясынын (1980-85), Жалал-Aбад зооветеринария техникумунун директору (1985-93) болуп иштеген. 1993-жылдан ЖАМУнун окуу инспекциялык башкармалыгын жетектейт. Паразитология боюнча адистик 40тан ашык илимий эмгектин жана окуу китептердин автору. Эмгектери кой чарбасындагы мите курт ылаңдарына арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]