Багама аралдары (архипелаг)

Википедия дан
Багама аралдары (архипелаг).

Багама аралдары (архипелаг) - Атлантика океанындагы архипелаг, Вест-Индияда. Флорида жарым аралынан түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай Куба жана Гаити аралына чейин 1500 км аралыкта созулуп жатат. Флоридадан Флорида кысыгы, Кубадан Эски Багама кысыгы аркылуу бөлүнөт. 700гө жакын аралдан, 2300дөн ашык шуру рифтеринен жана аскалардан турат. Эң ири аралдары: Андрос (4,1 миң км2), Чоң Абако (2 миң км2), Чоң Багама (1,1 миң км2). 20 аралында гана эл жашайт. Б. а-нын бири Сан-Сальвадор Х. Колумб Жаңы Дүйнөдөн алгачкы ачкан (1492-ж. 12-октябрда) кургактык. Мында Багама аралдары мамлекети жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]