Багратиони Иоанн

Википедия дан

Багратиони Иоанн (16. 5. 1768- 15. 2. 1830) - грузин жазуучусу жана агартуучусу. Грузиянын акыркы падышасы Георгий ХПнин уулу.

Грузия Россияга кошулгандан кийин (1801), Петербургда жашаган. Багратионинин негизги чыгармасы - "Калмасоба" (1813- 28). Бул 3 томдон турган энциклопедия кеңири тарыхый-философиялык материалдарды камтып, билимдин ар түрдүү тармактарынан маалымат берет. Анда Грузиянын көз каранды эместиги жана ички таптык мамилелерди жакшыртуу сыяктуу коомдук-саясий идеялар бар. Ата журтунун келечектеги гүлдөшүн наадан феодалдарды, чиркөө кызматкерлерин кайрадан тарбиялоодон, эл арасына агартуу идеясын жайылтуудан көргөн. Багратионинин социалдык жана философиялык көз караштары анын жарыяланбаган "Мамлекетти башкарууну жөнгө салуу" (1799) деген чыгармасында да чагылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.