Бадик

Википедия дан

Бадик (кырг. – эски оорунун аты) – оору-сыркоону айыктыруу ырасмына байланыштуу аткарылуучу ыр. Бадик адамдын дениндеги ооруну кубалоо үчүн ырдалган:

Көч, көч бадик, көч бадик, көчкөндөй көч, Көмүр болуп күйгөн от өчкөндөй көч. Майлуу сорпо бетиңе бүрккөндөй көч, Кара чоктуу калмактан үрккөндөй көч. Сулуу десең калмактын кызына көч, Суук десең Соңкөлдүн музуна көч, Тунук десең Бешкөлдүн тузуна көч, Ысык десең Индистан кышына көч, Илгир десең мүнүшкөр кушуна көч, Агын дайра толкуган сууларга көч, Суу үстүндө калкыган кууларга көч, Аралга көч дегенде, аралга көч, Арал отун оттогон маралга көч, Бийик отун оттогон кийикке көч, Саздарга көч дегенде, саздарга көч, Саздын отун оттогон каздарга көч, Кырларга көч дегенде, кырларга көч, Кырдын отун оттогон сыйырга көч, Көч, көч бадик, көч бадик көчүрөйүн, Бадик болгон атыңды өчүрөйүн.

(Эл ыры) 

Бадикте элдин турмуш-түшүнүгү, ишеними, элдик медициналык ой жүгүртүүсү сакталган, анда ооруну кубалоо үчүн же башка жандуу же жансыз нерсеге көчүрүү үчүн “көч” деген буйрук этиш ар бир сапта кайталанган. Бул ыр азыр колдонулбай калган.

Колдонулган адабият. «Кыргыз Адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы.» Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004