Бадырак

Википедия дан

Бадырак - куурулган буудай, жүгөрү, буурчак же арпа. Жүгөрү кумга куурулганда, баары тең жарылып, көлөмү чоңойуп, ак түскө айланат. Жүгөрү бадырак күйбөй бат куурулсун үчүн кургак кум кошулат. Буудай, арпа, буурчак кумсуз эле куурулат. Арпа бадырак сокуга күйшөлүп акталган. Жүгөрү Б-ты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоңоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа бадыракты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Бадыракты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрүнү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталат. Бадырак жасашат.

И. Молдобаев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]