Базарканов Кочкунбай

Википедия дан

Базарканов Кѳчкүмбай (1924-жылы Ысык кѳл облусунун Жети-Өгүз району, Дархан айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1985-жылы), профессор (1987-жыл). Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин (1952-жылы), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Экономика интитутунун аспирантурасын (1967-жылы) бүтүргѳн. Кыргыз аскер комиссариатынын 2-бѳлүмүнүн, Ош шаардык аскер комиссариатынын начальниги, илимий кызматкер, колхоздун председатели, Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, доцент, профессор 1995-жылдан баштап илимий консультант. Саясий экономия боюнча адис жана 20дан ашуун илимий иштери жарык кѳргѳн. Улуу Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Эмг.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Воспроизводства капитала и экономические кризиси. Ф., 1990;
  • Специализация и концентрация сельскохозяйственного производства объективная необходимость в развитии сельского хозяйства. Ф., 1996.
  • Колдонулган адабият:Кыргызстан энциклопедиясы.Б.,2006-жыл.