Базаров, Геннадий Садырович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Геннадий Садырович Базаров
Bazarov gennadyi.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Геннадий Садырович Базаров
Туулган жылы: 1942-жыл
Туулган жери: Ат-Башы айылы, Ат-Башы району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: кинорежиссёр, сценарист

Базаров Геннадий Садырович (1942, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) — кинорежиссёр, сценарист. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), искусствого эмгек сиңирген ишмер (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы "Саманчы жолу" (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), "Көчө" (1973; М. Гапаров), "Биринчи" (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), "Көз кареги" (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден "Искусство жөнүндө баян" (1974). "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башка тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. "Прикосновение к личности" (1986), "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" деген повесттери чыккан, Акыркы жылдарда Кыргыз телерадио компаниясында иштеп, автордук "Альтернатива" программасын алып барган. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.