Базилика
Базилика (грек. basilike – падыша үйү) – планда тик бурчтуу, эреже катары, узатасынан кеткен таяныч түркүктөрдүн катарынан турган, бир нече өткөөлдөр – нефтерге бөлүнгөн узун имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгайлуу болгон; ортоңку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жайгашкан. Эң алгачкы базилика биздин заманга чейин 210-жылы Деллос аралында курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христианствонун бекемдеши менен храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбордук неф апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV-VI кылымда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башка курулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1