Базис жана Надстройка

Википедия дан

Базис жана Надстройка тарыхый материализмдин категориялары; коомдун, экономиканын структураларынын, негизги элементтерин талдоодо пайдаланылат.

Бул түшүнүктөр коомдун түзүлүшүн талдоодо, философиянын негизги маселесин, материалисттик маанайда чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Базис (гр. basis – негиз, байдумал) коомго таандык өндүрүштүк мамилелердин системасы иретинде өндүрүштүк күчтөрдүн өнүгүү этабына байланыштуу түзүлөт. Лениндин айтуусу б-ча, Базис – коомдук формациянын «экономикалык скелети». Надстройка-коомдук кубулуштардын биримдиги, экономикалык базистен келип чыгат. Надстройка – төмөндөгүдөй структурага ээ: а) рухий тармактын биримдиги (сезим, теория, аң-сезим, ой); б) коомдогу адамдардын ортосундагы материалдык өндүрүштөн белгилүү деңгээлде шартталган, андан салыштырмалуу сыртта түзүлгөн идеологиялык мамилелер; в) коомдогу мекемелер, уюмдар, саясий-диний түзүлүштөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8