Баимбетов Ашир

Википедия дан

Баимбетов Ашир 1925-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

1932-1939-жылдары Багыш мектебинен билим алып, бүткөндөн кийин, селсоветте катчы болуп эмгектене баштайт. 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуш башталганда, урушка аттанып, 1942-жылы оор жараат алып, кайра айылына келет. "Улуу Ата мекендик согуштун" 1-даражадагы ордени жана "маршал Жуков" төш белгиси, ошондой эле бир топ медалдардын ээси. Согуштан келгенден кийин колхоздо, андан кийин Дружба совхозунда ар кайсы тармактарда үзүрлүү эмгектенип, 1980-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3