Байбиче (желаргы) гранит-сиенит кени

Википедия дан

Байбиче (желаргы) гранит-сиенит кени - Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынын 10 км туштук-чыгыштарапта Байбиченин Соорусу тоосунда. 1961-ж. геологиялык чалгындоо жумуштары жургузулуп, запасы эсептелген. Кен пермь мезгилинде жерип чыккан гранит-сиенит орто интрузиясынан турат. Ал ири массивди тузуп, Чуй суусун бойлой жайгашкан. Арасында порфирит дайкалары, көптөгөн кварц-турмалиндуу тарамча тулкулары бар. Гранит-сиенит орто кристалдуу, катуу, тыгыз, кысууга чыдамдуулугу 2183-2711 кгс/см². Көлөмдүк массасы 2, 6-3,05 г/см³; блоктуулугу 50%. Жук көтөрүмдүүлүгү жогору болгондуктан, майдаланып темир жолдорго төшөлөт. Баланстык запасы А+В категориясы боюнча 5577 миң м³, С-3991 миң м³.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]