Байдулу тоосу

Википедия дан

Байдулу тоосу - Ички Теңир-Тоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Каракужур, Солтонсары өрөөндөрүн Оттук, Онарча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Узундугу 56 км, туурасы 11 км, Оттук кыштагы тушта 30 кмге чейин. Орточо бийиктиги 3790 м. эң бийик жери 4167 м (Онарча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтонсары өрөөнү кесип өтөт.

Батыш жагы жапыз, аскалуу. түндүк капталы кыска, тик, түштүк (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-колоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы күнгөйү тик. Жондорунда жана капталдарында тегиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоолордун издери байкалат. Негизинен девон менен карбондун чаар жана кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектон. ички структурасы – анын кыры менен жарыш багытта жайланышкан Байдулу синклиналы.

Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн түштүк Соңкөл – Көкташ тектон. терең жаракалары менен чектелген. Кен байлыктары: шеелит (Кумбел, Карүңкүр), кобальт (Музтөр), вольфрам. түндүк капталдарына түркүн чөпдоңуз сырттуу субальп (2800–3100 м бийиктикте), альп шалбаасы (3200 мден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500–3200 м), бетеге-доңуз сырттуу субальп (3200–3500 м), альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору), 3800 мден өйдө бийик кырларга нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү жана Онарчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу черлер бар. Жайлоо; күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]