Байчоро

Википедия дан

Байчоро — кырк чоронун бири, Баабединдин уулу. Манас Таласка келгенде чоро болгондон баштап, Манастын бардык баатырдык иштерине катышат. «Колу күчтүү Байчоро» делип айтылып, чоролордун ичинен күчтүүлүгү, баатырлыгы менен айырмаланат. «Чоң казатта» окко учканы айтылса да (Саякбай Каралаев, 2. 200), кийин алты арамга кошулуп кеткен чоролор менен бирге Семетейдин колунан өлдү делет (Саякбай Каралаев, «Семетей, 1. 339).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4