Байыркы жана орто кылымдагы афган элинин көркөм сүрөт маданияты

Википедия дан

Байыркы жана орто кылымдагы афган элинин көркөм сүрөт маданияты - Орто Азия, Индия, Иран элдеринин маданияты менен тыгыз байланышта өнүгүп келген. Батыш Афганстандын аймагы Бактрия жана Тохарстандын бир бөлүгү, Орто Азиянын түштүк аймактарынын тарыхый-маданий облусу менен бирдей. Гиндикуштан түштүгүрөөк жагы Индостан менен тыгыз байланышта. Афганстандын аймагындагы архитектура, сүрөт искусство эстеликтери биздин заманга чейинки 4-3-миңинчи жылдарына таандык. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда Афганстандын Бактра, Баграм, Ай-Ханум шаарында эллиндик искусство өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1-кылымдагы жана биздин заманга чейинки 8-кылымдагы (Хадад, Бамиан шаарлары) Будда монастрларынын урандылары сакталган. Орто кылымдагы көрүнүктүү эстеликтери: Лашкаргах аксарайы (11-кылым Бустани), мемориал мунаралары (12-кылым, Газна), Жам кыштагына жакын жердеги мунара (1153-1202-жылдар аралыгында), Гераттагы соборлуу мечит (13-кылымдын башы - 14-кылым, Гераттагы Мусалла ансамблиндеги Гаухаршад күмбөзү жана мунарасы (1417-38), Балхадагы Хожа Абу Наср Парсанын мечит күмбөзү менен (15-кылым) жана башка. Орто кылымдардагы Афганстандын искусствосу Орто Азия, Иран, Индия искусствосунун таасиринде өз алдынча кол өнөрчүлүк мектептери пайда болгон. Гератта декорациялык жана көркөм сүрөт искусствосу (металлды, жыгачты оймо-чиймелеп кооздоо, килем токуу жана башкалар) өнүккөн. 15-кылымдын башында хан сарайларда китепкана-өнөрканалар (китебхане) иштей баштаган. Алар Гераттын миниатюра мектеби, К. Бехзаддын, Касим Алинин жана башка белгилүү миниатюрист, каллиграфисттердин чыгармалары менен байланышта болгон. 18-кылымда Кандагарда 8 кырдуу Ахмад-шах Дуррандын чамгарактуу мавзолейи, 18-20-кылымда чамгарактуу үйлөр салынган. Афганстанда архитектура жана сүрөт өнөрү 1920-жылдардын аягында өнүгө баштаган. 1970-жылы коомдук жана турак жайлар, бала бакча, гидротехникалык курулуштар жана башкалар, 1978-жылдан генералдык план боюнча Кабулда телеборбор, госпиталь, медициналык институттун имараттары курулган. 20-кылымдын 1-жарымында Афганстан архитектурасында айнек, бетон, мрамор жана башка жаңы материалдар колдонулган. 1921-жылдан Кабулда көркөм сүрөт өнөрү мектеби иштейт. Сүрөт өнөрүн өнүктүрүүдө Абдулгафур Бренша, А. Тарзи, М. Хайдар жана башкалар өз салымдарын кошкон. Талибдердин бийлиги мезгилинде Афганстандын аймагындагы бир топ баалуу эстеликтер талкаланган (Бамиан дубал сүрөттөрү жана башкалар). Учурда да илгертен салт болуп калган колөнөрчүлүк - айнекти, металлды көркөмдөп кооздоо, зергерчилик, карапа жана башкаларды жасоо өнүккөн. Килем токуу афгандардын негизги экспорттоочу товары болуп келүүдө. Афган музыкасы көп кылымдардан бери Индия жана Иран элдеринин музыка маданияты менен өз ара карым-катнашта өнүккөн. Биздин замандын 1-кылымдарында зороастриялык диний ырлар белгилүү болгон. Бамиан жана Хаддагы буддалардын диний борборунда музыканттардын сүрөттөрү сакталып келет. Афгандардын музыкасынын өнүгүүсүнө ислам дининин таасири бар. 15-кылымда Самаркандагы Тимурлардын музыкалык маданий борбору Гераттаргылар менен аралашуусунан классикалык музыка (Араб, Индия музыка салттарын кошуп) калыптанган. Анын таасиринен музыка теориясы таралган. 17-19-кылымда классикалык музыка өркүндөйт. Афгандардын музыкасынын калыптанышына этностук, тилдик, диний, социалдык маданияты жана элинин курамынын ар түрдүүлүгү өз таасирин тийгизген. Диний музыкасы ислам жана суфийлердин салттары менен байланыштуу. Афгандардын фольклору эмгек, диний үрп-адат, тамашалуу (лаба) жана башка ырлардан туруп, музыкалык аспаптар менен коштолот. Афганстанда 2 саптан турган ырлар (ландый) өтө кеңири таралган жанр болуп саналат. Музыкалык аспаптары: кылдуу-чертме (танбур, рубоб, ситар, дутар, дамбура жана башкалар), кылдуу жаа менен тартылуучу (гижак, саринда), кылдуу урма (сантур, чанг), үйлөмө (най, туйдук, сурнай, кошнай, карнай, бинбажа), клавишалуу (армуния), урма (мембраналуу дойра, даф, эки беттүү дхол жана башка). 19-20-кылымда европалык музыкалык аспаптардын (мандолина, аккордеон, индия гармоникасы жана башка) таасиринен Афганстандын музыкасында жаңы агым пайда болгон. Музыкалаштырылган театр, шаардык стилдеги ырлар (белгилүү ырчылары Сараханг, Я. Косими, Нашенас, А. Зоир, Хафизул-ла Хьяль) өнүккөн жана ар түрдүү аткаруучу коллективдер - улуттук аспаптар (1946, Кабул радиосу) жана эстрада оркестри (1961), «Наргис» ыр-бий ансамбли түзүлгөн. 1978-жылы Афганстанда элдик искусство фестивалы өтүп, искусство ишмерлеринин уюму түзүлгөн. Афганстандын көптөгөн музыканттары КМШ өлкөлөрүндө билим алган. 1992-жылдан кийин оюн-зоок музыкасына тыюу салынып, музыканттардын бир тобу өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон (АКШга белгилүү классик ырчы Махваш кеткен). 2000-жылдан Афганстанда диний жана фольклордук музыка өнүгүүдө. Афганстанда тунгуч афган фильми (1963, «Бүркүткө кебетелеш», Индия менен бирге) Ф. Х. Хаерзаде тарабынан тартылган. Чет элдик фильмдер 1915-жылдан көрсөтүлгөн. 1968-жылы «Афганфильм» киностудиясы түзүлүп, даректүү («Афганистан өнүгүүнүн жолунда», 1969; «Бактылуулуктун сыры», 1970) жана көркөм фильмдер (режиссёр А. Х. Алилдин «Бийликчилдер», 1970; «Эненин жазасы», 1973; В. Латифинин «Кыйын күндөр», 1974, М. Надиринин «Рабиа-Балхи» 1974; режиссёр Шафик «Жылмайган статуялар», 1976) тартылган. Афганстан кино өндүрүшүн талапка ылайык өнүктүрүү 1978-жылы Апрель революциясынан кийин (1983, өзбек режиссёру А. И. Хамраев, «Мосфильм» киностудиясы менен бирдикте «Кабулдагы жайкы аптап») башталган. Талиб режими кулагандан кийин (2001) эл аралык чыгармачыл уюмдардын демилгеси менен афган кино өндүрүшү колдоого алынган. С. Бармактын «Осама» кинофильми Канндагы эл аралык кинофестивалда (2002) сыйлыкка ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1