Байыркы муз каптоолор

Википедия дан

Байыркы муз каптоолорТянь-Шань жана Памир-Алай тоо системалары төртүнчүлүк (плейстоцен) мезгилинде мөнгү-муздуктардын катмары менен бир нече жолу капталганы белгилүү. Тоо арасындагы орөөндөрдөгү иргелбеген кум, шагыл таштардын, мореналардын чогундусу, тепши (трог) формасындагы өрөөндөр, жылмаланган аскалар, кресло сымал карлар, цирктер, байыркы мөңгүлордүн аракеттеринен пайда болгон рельефтин формалары 1800—2000 м бийиктиктен жогору бардык жерлерде кездешет. Окумуштуулардын көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системалары төртүнчүлүк (плейстоцен) мезгилинин башталышынан азыркы үстүбүздөгү (голоцен) доорго чейин үч жолу муз каптоолорго учураганы аныкталган.

Биринчи плейстоцендин башындагы муз каптоолор неогенден кийинки тектоникалык кыймылдын күчөшүнүн натыйжасында бийик тоолордун пайда болушунан жана планетадагы жалпы климаттын сууктанышынан пайда болгон. Неотектоникалык көтөрүлүү кыймылы мезозойлук пенеплендин структурасын бузбай келки бойдон тоолорду азыркы деңгээлине жакын көтөргөндүгүнө байланыштуу каптаган муз катмарлары өзгочө, Борбордук жана Ички Тянь-Шанда калкан сымал басып жаткан. Өрөөн мөнгүлөрү чет жакаларда эрозиялык процесстер тилмелөөгө үлгүргөн жерлерде байкалган. Сары-Жаз, Кум-Төр, Ара-Бел, Ак-Сай, Алай өрөөндөрүндө, Соң-Көл менен Чатыр-Көлдүн ойдуңдарында, бийик тоо арасындагы орөөндөрдө байыркы эрозиялык процесстер үлгүрбөгөндүгүнүн натыйжасында анча активдүү эмес муз калкандары жайгашкан. Муз каптоодон кийинки климаттын жылууланышы жана нымдын азайышы муз калкандарынын ээришине, эрозиялык процесстердин күчошүно жана тоо капталдарынын андан ары тилмеленишине алып келген. Биринчи муз каптоонун калдыктары жана скульптуралык формалары жакшы сакталган эмес. Алардын жок болуп кетишине кийинки муз каптоолор жана талкалануу процесстери себеп болгон. Муз каптоо болгондугу кыйыр жол менен атап айтканда, тоо арасындагы ойдуңдардын жана четки кеңири ороондордүн чокмөлорүн изилдоо жолу менен аныкталды.

Тектоникалык кыймылдын күчошүнүн экинчи цикли плейстоцендин ортосундагы климаттын кезектеги сууктанышына туура келип, муз каптоонун экинчи, бул жолу мурдагыдан кеңири аймакты ээлеген доору башталган. Бул доордун муз каптоосун максималдүу муз каптоо деп аташат. Бул мезгилдеги моңгү-муздуктар да Тянь-Шандын ички жагын калкан сыяктуу басып, кээ бир тайпак тилмелене элек бийиктиктеги өрөөндөрдө (Сары-Жаз, Ак-Сай, Суусамыр, Алай, Ара-Бел, Кум-Төр ж. б.) толтура болуп жаткан. Чет жактагы кырка тоолордо, Ысык-Колдүн тегерегинде, Орто Нарында ж. б. сырткы өрөөндөрдө өрөөн тибиндеги мөңгүлөр капчыгайларды ээлеп, тоо этектерине чейин түшүп келген. Мисалы Тескей Ала-Тоосунан түшкөн өрөөн мөңгүлорү дениз деңгээлинен 1800-1900 м бийиктикке чейин келип, мореналарын калтырышкан. Алай өрөөнүндө капчыгайлардан түшкөн мөнгүлөр бири-бирине кошулуп, туташ муз талааларын түзүп, Кызыл-Суунун өрөөнү менен Сурхобдун өрөөнүнө чейин жеткен. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан түшкөн мөңгүлөр капчыгайлардан чыккан эмес, бирок тармактанган өрөөндөрдөгү куймалар боюнча бутактаган ири дендрит тибиндеги ондогон мөңгүлөр жаралган.

Ошол кездеги кар сызыгы, азыркы кар сызыгынан четки кырка тоолордо 800 — 950 м ге төмөн, ал эми ички аймактарда 350-500 м ге төмөн болгон.

Ошентип, плейстоцендин ортосундагы максималдуу аймакты ээлеген мөнгү-муздуктар тоо системаларынын борбордук бөлүгүндө калкан сымал муз талаалары түрүндө болсо, чет жакаларында татаал жана дендрит тибиндеги ири өрөөн монгүлөрү жайгашкан. Алардын этектери тоо этектерине чейин жетип, калың мореналар менен фмовиогляциалдык шагылдарды пайда кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...