Бакдөөлөт

Википедия дан

Жакыптын кичүү аялы, Абыке, Көбөштүн, кээ бир варианттарда, ошондой эле Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбайдын да энеси. Эпостун «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүндө тең катышкан кейипкер болгону менен окуялардын жүрүшүндө анчалык чечүүчү роль ойнобойт. Семетей Букардан адеп Таласка келип, Жакыпка жолуккандагы эпизоддо Бакдөөлөттүн калыстыгы, адилдиги, ак ниеттиги ачык көрүнөт:

Минтсең какбаш оңбойсуң,

Өз балаңды өлтүрсөң

Эгерде эки болбойсуң.

Кепинин жеген иш кыйын,

Кепинсиз сендей болобу,

Керденге бүткөн чунагын,

Капырай өлтүрөм деген оңорбу?!

Сенин бул ишиң калсын талаага,

Алты уулуң келип жыйылып,

Жалгыз Манаска кетсин садага (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 245),— деп Семетейге уу бердирип өлтүрмөкчү болгон, кара ниет, керт башынын кызыкчылыгынан башканы көздөбөгөн Жакыпка каршылык көрсөтүп, өз балдарына өз экен деп жан тартпастан, калыстык менен эл кишиси Манасты жогору коёт. Башка айтымдарда Бакдөөлөттүн кийинки тагдыры жөнүндө сөз болбойт. Багыш Сазан уулунун айтымында Семетей Жакып, Көбөштү жок кылгандан кийин, тирүү калган Абыкеге мал-мүлкүн берип энеси Бакдөөлөт менен Мекеге көчүрүп жибергени айтылат.