Балдарга болгон зомбулук

Википедия дан

Балдарга болгон зомбулук  — балдарга катаал жана кордогон мамиле кылуу. Зомбулук - бул балага физикалык же эмоционалдык жактан кордук көрсөтүү, сексуалдык зомбулук кылуу, ага кайдыгер мамиле жасоо, камкордук кылбоо, ошондой эле, баланын ден-соолугуна толук зыян алып келе турган адам сатуу сыяктуу эксплуатациянын бардык түрлөрү. Зомбулуктун кесепеттеринен баланын өрчүп-өнүгүүсү, жашоого болгон жөндөмү жана ишенимге, жоопкерчиликке, бийликке карата татыктуу мамиле куруу жөндөмү жабыркайт[1].  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, балдарга карата зордук-зомбулук адамды өмүр бою оор кесепеттерге кептеген глобалдык көйгөй болуп саналат[2].

Балдарга карата жасалган зомбулуктун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физикалык зомбулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

     2021-жылка карата балдарды физикалык жазалоого тыюу салынган өлкөлөр.[3]

Балага физикалык зомбулук көрсөтүү – бул чоң адамдын баланы атайылап сабап, анын денесине залал келтирип, баланын денесин майып кылуусу. Физикалык зомбулуктун белгилери болуп көгөргөн тактар, тытыктар, тырыктар, күйүктөр, абразиялар, жарааттар, сыныктар, ошондой эле жаракатка алып келе турган  орой мамилелер саналат[4]. Көп учурда физикалык жаза менен физикалык зомбулуктун ортосундагы айырма бүдөмүк болот. Физикалык зомбулукту аныктаган маданий нормалар абдан ар түрдүү: адистердин арасында да, коомчулуктун арасында да физикалык зомбулук катары кайсы иш-аракеттерди көрсөтүү боюнча бирдей консенсус жок[5].

Айрым адистердин пикиринде, баланы сабап-жазалоого уруксат берген маданий нормалар балдарга болгон зомбулуктун себептеринин бири болот. Ошондуктан, мындай нормаларга каршы атайын иш-чаралар уюштурулуп келет. 1979-жылдан 2021-жылдар аралыгында 63 өлкөдө (анын 35 европа өлкөлөрү) ата-энеге балдарды сабап-жазалоого тыюу салынган[6][7][8]. Ал эми мындай тыюулар ишке ашпаган өлкөлөрдө бул практиканын айланасында көптөгөн талаш-тартыштар болуп келет.

Cексуалдык зомбулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балага карата сексуалдык зомбулук - бул сексуалдык стимуляция максатында чоң кишинин же өспүрүмдүн жаш балага болгон зордукчул иш-аракети.[9]

Сексуалдык зомбулук катары зордукчунун сексуалдык ырахат алуу же андан пайда табуу үчүн жаш баланы сексуалдык иш-аракеттерге тартуу аракетин түшүнсө болот[4][10]. Ал эми сексуалдык зомбулуктун формаларына төмөнкү иш-аракеттерди киргизүү талапка ылайык: жаш баланы сексуалдык иш-аракеттерге (жыйынтыгы маанилүү эмес) мажбурлоо же аларды сунуштоо, ага жыныс мүчөлөрүн, порногорафия фильмдерин көрсөтүү, бала менен сексуалдык байланыш кылуу, баланын жыныс органдарын кармалоо, физикалык контактсыз баланын жыныс мүчөлөрүн көрүү, баланы порнографияга тартуу үчүн колдонуу[9][11].

Бала кездеги сексуалдык зомбулукка кабылган адамдарда зомбулуктун кесепеттери катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн: күнөөлүү сезимдер, өзүн-өзү айыптоо, эс-учун жоготуулар, жаман түштөр, уйкусуздук, зомбулукту эстеп калуу менен байланышкан коркуу (анын ичинде объекттерден, жыттардан, жерлерден коркуу, дарыгерге баруудан айбыгуу ж.б.), өзүнө болгон  сый-урматтын төмөндүгү, сексуалдык бузулуулар, өнөкөт оору, химиялык заттарды кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө зыян келтирүү, өзүн-өзү өлтүрүү ойлору, физикалык бузулуулар, депрессия,[12] травмалык стресстен кийинки бузулуулар[13], тынчсыздануу[14], башка психиатриялык оорулар (анын ичинде жеке инсандык бузулуулар[9]  жана диссоциативдик инсандык бузулуу[9], булимия[15].

Эмоционалдык зомбулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмоционалдык зомбулук – балага бир жолу же өнөкөт таасир тийгизүү, ага болгон кастык же кайдыгер мамиле, мындай мамиле балада өзүн-өзү сыйлоонун төмөндөшүнө, өзүнө болгон ишенимдин жоголушуна жана коомго аралашууда кыйынчылыктарды жараткан  патологиялык мүнөздүн калыптанышына алып келет.[16] Эмоционалдык зомбулукка балага катуу кыйкыруу, орой жана кемсинткен мамиле жасоо, көңүл бурбоо, катуу сындоо, жаман ысымдар менен атоо, шылдыңдоо, басынтуу, коркутуу, баланын жеке буюмдарын жок кылуу, үй жаныбарын кыйноо же өлтүрүү кирет, бирок зомбулук булар  менен гана чектелип калбайт[17][4].

Балдар эмоционалдык зомбулукка карай ар кандай  реакция кылуулары мүмкүн.  Алар зордукчунун жанына жолобой качышат, адепсиз жүрүм-турумду өздөштүрүп алышат же зомбулук көрсөткөн кишиге орой каяша айтуу менен каршылык көрсөтүшү мүмкүн. Эмоционалдык кыянаттык көз каранды мамиленин пайда болушуна, жабырлануучулардын аларга жасалган кордук үчүн өзүн күнөөлөө тенденциясына,  алсыздыкка жана ашыкча пассивдүү жүрүм-турумга алып келиши мүмкүн[17].

Камкордуктун жоктугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Камкордукдуктун жоктугу, же кайдыгерлик – бул ата-эненин же бала үчүн жооптуу башка адамдын баланын негизги муктаждыктарына (тамак-ашы, кийим-кечеси, баш калкалоочу жайы, медициналык жардам же балага көзөмөл кылуу) көңүл бурбоо.  Натыйжада, баланын ден-соолугуна, коопсуздугуна жана жашоосунун бейпилдигине коркунуч жаралат. Кайдыгерликтин байкалган белгилерине баланын такай сабакка барбай калуусу, кайырчылык кылуусу, акча же тамак-аш уурдоосу, денесинин же кийиминин кир болушу, жыл мезгилине ылайык кийинбей жүрүүсү кирет[18].

Каралбай калган балдардын физикалык жана психосоциалдык өсүүсү артта калышы мүмкүн. Өсүүнүн кечеңдеши нейропсихологиялык жана психикалык дарттардын пайда болушуна, ошондой эле социалдык жөндөмүнүн төмөн болушуна алып келет. Көңүл бурулбаган балдардын сүйлөө кебинде, эстутумунда көйгөйлөр жаралып, оюн бир жерге топтой албай калат. Мындан сырткары аткаруу функциялары дагы жабыркайт[19].

Изилдөөлөргө ылайык, камкордуктан ажыраган балдарда кийинчерээк чоңдорго болгон ишеними жоголот, аларды коопсуздук булагы катары көрбөй калышат. Аларда агрессивдүү жана гиперактивдүү мүнөз калыптанат, мындай мүнөз балдарды асырап алган ата-энелер менен жылуу жана бекем мамиле түзгөнгө тоскоолдуктарды жаратат.  Зомбулук көрсөткөн,  туруктуу эмес ата-энеге же ага камкордук алган адамдарга ылайыкташып жашаганга көнгөн балдар эч кимге ишенбеген, күмөнчүл болуп чоңоюшат. Көп учурда мындай балдарды манипуляцияга жакын жана чын ыклас менен мамиле кыла беришпейт деп эсептешет[20]. Кайдыгерликтин курмандыктары кийинчерээк бала кездеги жылуу мамиленин жоктугунан улам, достук жана романтикалык мамилелерди түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.

Статистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, болжол менен аялдардын 20 пайызы, ал эми эркектердин 5-10 пайызы бала кезинде сексуалдык зомбулукка дуушар болушканын айтышкан; ал эми 25-50%  жаш балдар физикалык зомбулукту башынан өткөргөндөрүн билдиришкен[2].

Өтө көп балдар үйдө, альтернативалык мекемелерде, мектептерде жана абактарда зомбулуктун түрдүү формаларынын курмандыгы же күбөсү болуп калууда. Үй-бүлөдө сабоо көрүнүшүнө тыюу салынбай жатат[21]. Мугалимдер жана курдаштары тарабынан опузалоо Кыргызстандагы балдардын мектепке барбай коюусунун негизги себеби болуп саналат. Балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоготпогон мамиледен жапа чексе, 83.5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот[22]. Кыргызстан бардык жерлерде физикалык жазаларга тыюу салуу үчүн мыйзамдарын реформалоого милдеттенген[21].

Изилдөөчү К.С.Танг Гонконгдогу кытайлык үй чарбаларды изилдөөнүн алкагында жашы жете элек балдары бар 1662 ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзгөн.  Анын жыйынтыгы боюнча, энелер балдарын атасына караганда көбүрөөк физикалык жазага тартышкан –  энелерге 60,6% жана аталарга 50,7% учур дал келет. Ошол эле учурда, кыздарга (53,9%) караганда эркек балдар (60,7%) денелик жазага көбүрөөк дуушар болушкан, бирок гендердик айырмачылыктар жаш куракка байланыштуу болгон. Ал эми 4 жашка чейинки балдардын жана 13 жаштан жогорку өспүрүмдөрдүн арасында, башкача айтканда, физикалык жазага азыраак дуушар болгон курактык топтордо жынысына байланыштуу дене жазаларын колдонууда статистикалык олуттуу айырма болгон эмес. Көпчүлүк учурда 5-12 жаштагы эркек балдарды ата-энесинин экөө тең жазалашкан[23].

Орусияда 1997-жылдагы маалыматтарга ылайык, жыл сайын 14 жашка толо элек 2 млн. бала ата-эне тарабынан сабалат, кол көтөрүүлөргө дуушар болгон балдардын 10% көз жумса, 2 миң бала өз өмүрүнө кол салып каза болот[24]. 2012-жылга карата Ички иштер министрлиги тарабынан жыл сайын жашы жете электерге карата 600 миңден ашык укук бузуулар катталат, анын ичинен 400 миңи ата-энелер тарабынан өз балдарына карата жасалган кылмыштар болуп саналат[25].

Америка Кошмо Штаттарында 2011-жылы 676 569 жашы жете элек 18 жашка чейинки балдар зордук-зомбулукка кабылган, анын ичинен 118 825 бала физикалык зомбулуктун жана 61 472 бала сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болушкан[26].

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча дүйнөдө ар бир 5 мүнөт сайын бирден бала киши колдуу болуп каза табат.[27]

Кесепеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилдөөлөргө ылайык, бала кезде дуушар болгон зомбулуктун кайсы түрү болбосун, өнөкөт оорулардын пайда болушуна чоң өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бул чөйрөдөгү эң ишенимдүү изилдөөлөр катары АКШ өкмөтүнүн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын-алуу борборлору тарабынан жүргүзүлгөн "Түйшүктүү балалыктын тажрыйбасы" аттуу ири  изилдөө иштери эсептелинет. Анын жыйынтыгында, балага болгон зордук-зомбулук же кайдыгерлик мамилелер өнөкөт оорулардын көбөйүшүнө, коркунучтуу жүрүм-турумдун пайда болушуна жана жашоонун кыскарышына алып келе тургандыгы аныкталды[28].

Камкордугу жок өскөн жана уруп-сабоолорго дуушар болгон балдарда психикалык көйгөйлөр жаралып, башкалар менен мамиле түзүү оорчулугу байкалат[29].

Зомбулуктун алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдарга карата физикалык жазага тыюу салган өлкөлөрдүн саны.

Балдарга карата зомбулукка бир катар эл аралык документтер жана улуттук мыйзамдар менен тыюу салынган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий позициясына ылайык, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн ата-энелерди колдоого жана аларга баланы багуу жана тарбиялоо көндүмдөрүн үйрөтүүгө багытталган көп секторлуу программалар эң натыйжалуу болуп саналат[2]. Мындай программаларга, башка нерселер менен катар, колдоо, билим берүү жана маалымат алуу үчүн медайымдардын үйгө баруусу, ошондой эле ата-энелер үчүн ата-энелик көндүмдөрдү үйрөтүү, баланын өнүгүүсү боюнча билимин жогорулатуу жана балдар менен жакшы мамиледе болуу үчүн стратегияларды иштеп чыгуу үчүн топтук сессиялар кирет.

Ошондой эле, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ымыркайдын башынын чайкалышынын алдын-алуу боюнча атайын программаларды (жаңы төрөлгөн ымыркайларды ооруканадан чыгара электе жаш ата-энелерге башы чайкалган ымыркай синдрому жөнүндө маалымат берүү) жана балдарга сексуалдык зомбулуктун алдын-алуу боюнча программаларды (мектептердеги балдарга алардын денесинин кол тийбестиги жөнүндө маалымат берүү, коркунучтуу жагдайларды таануу, чоң кишилерге  “жок” деп айтууну үйрөнүү жана болгон жагымсыз окуялар тууралуу ишеничтүү чоң кишилерге билдирүү) сунуштайт[2].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. ДССУ. World report on violence and health (англ.) (2002). Текшерилген күнү Чын курандын 11, 2023.
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 ДССУ. Всемирная Организация Здравоохранения. Жестокое обращение с детьми. Информационный бюллетень N°150. Август 2010 г.. Текшерилген күнү Чын курандын 11, 2023.
  3. https://endcorporalpunishment.org/countdown/
  4. 4.0 4.1 4.2 Theoklitou, D,. Kabitisis, N., Kabitsi, A. (2011). Physical and emotional abuse of primary school children by teachers. Child Abuse & Neglect, V. 36, 64-70.
  5. Noh Anh, Helen (1994). «Cultural Diversity and the Definition of Child Abuse», in Barth, R.P. et al., Child welfare research review, Columbia University Press, 1994, бет. 28. ISBN 0-231-08074-3
  6. Global Initiative to End All Corporal Punishment of Children
  7. Durrant, Joan E. The Swedish Ban on Corporal Punishment: Its History and Effects // From Family Violence Against Children: A Challenge for Society (англ.) / Detlev Frehsee, Wiebke Horn, and Kai-D. Bussmann. — N. Y.: Walter de Gruyter & Co., 1996. — P. 19—25.
  8. Haeuser, A. A. Banning parental use of physical punishment: Success in Sweden // International Congress on Child Abuse and Neglect (англ.). — Hamburg, 1990.
  9. 9.0 9.1 9.2 9.3 Child Sexual AbuseMedline Plus. U.S. National Library of Medicine. Текшерилген күн: 11.04.2023.
  10. Guidelines for psychological evaluations in child protection matters. Committee on Professional Practice and Standards, APA Board of Professional Affairs (англ.) // The American Psychologist : journal. — 1999. — August (vol. 54, no. 8). — P. 586—593. — doi:10.1037/0003-066X.54.8.586. — PMID 10453704.
  11. Martin J., Anderson J., Romans S., Mullen P., O'Shea M. Asking about child sexual abuse: methodological implications of a two stage survey (англ.) // Child Abuse & Neglect  (англ.) : journal. — 1993. — Vol. 17, no. 3. — P. 383—392. — doi:10.1016/0145-2134(93)90061-9. — PMID 8330225.
  12. Roosa, M.W.; Reinholtz, C.; Angelini, P.J. The relation of child sexual abuse and depression in young women: comparisons across four ethnic groups (англ.) // Journal of Abnormal Child Psychology  (англ.) : journal. — 1999. — Vol. 27, no. 1. — P. 65—76. — PMID 10197407
  13. Widom C.S. Post-traumatic stress disorder in abused and neglected children grown up (англ.) // American Journal of Psychiatry : journal. — 1999. — Vol. 156, no. 8. — P. 1223—1229.
  14. Levitan, R. D., N. A. Rector, Sheldon, T., & Goering, P. (2003). "Childhood adversities associated with major depression and/or anxiety disorders in a community sample of Ontario: Issues of co-morbidity and specificity, " Depression & Anxiety; 17, 34-42. PMID: 12577276, DOI: 10.1002/da.10077
  15. Gail Hornor (August 31, 2009). "Child Sexual Abuse: Consequences and Implications". Pediatric Health Care 24 (6): 358-364. doi:https://doi.org/10.1016/j.pedhc.2009.07.003. 
  16. Жестокое обращение с детьми. Памятка для родителей. Психологическое (эмоциональное) насилие(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 31 -октябрь (тогуздун айы) 2013.
  17. 17.0 17.1 Child Abuse(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 7 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 27 -июль (теке) 2011.
  18. Chronic Neglect(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2013.
  19. Neurocognitive impacts for children of poverty and neglect(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Apa.org. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2013.
  20. Golden, J.A., Prather, W. (2009). A behavioral perspective of childhood trauma and attachment issues: toward alternative treatment approaches for children with a history of abuse. International Journal of Behavioral and Consultation Therapy, V.5, 56-74.
  21. 21.0 21.1 endcorporalpunishment.org (бештин айы 2022) Country Report for Kyrgyzstan Текшерилген күн: 23.04.2023.
  22. unicef.org. Балдарга карата зомбулукту токтотуу Текшерилген күн: 23.04.2023.
  23. Tang C. S. Corporal punishment and physical maltreatment against children: a community study on Chinese parents in Hong Kong. // Child Abuse Negl.. — 2006. — Август (т. 30, № 8). — P. 893—907. — doi:10.1016/j.chiabu.2006.02.012.
  24. Постановление ГД ФС РФ от 20.11.1997 № 1929-II ГД «О Концепции законотворческой деятельности по обеспечению равных прав и равных возможностей мужчин и женщин» Archived 2022-01-22 at the Wayback Machine, п. 4.2
  25. В МВД России состоялся «круглый стол» по вопросам организации деятельности территориальных органов МВД России по профилактике безнадзорности и правонарушений среди несовершеннолетних Archived 2021-12-02 at the Wayback Machine / Пресс-служба ГУОООП МВД России. 2012-11-20.
  26. Child Maltreatment 2011 / Children’s Bureau. U.S. Department of Health & Human Services. 2011. P. 44-45.
  27. bbc.com (2014) ЮНІСЕФ: кожні п'ять хвилин у світі вбивають дитину. (укр) Текшерилегн күн: 23.04.2023.
  28. Middlebrooks, J.S.; Audage, A.C. The Effects of Childhood Stress on Health Across the Lifespan (англ.). — Centers for Disease Control, 2008.
  29. Gauthier L., Stollak G., Messé L., Aronoff J. Recall of childhood neglect and physical abuse as differential predictors of current psychological functioning (англ.) // Child Abuse & Neglect: journal. — 1996. — июль  (том. 20, ном. 7). — бет. 549—559. — doi:10.1016/0145-2134(96)00043-9. — PMID 8832112.