Балдардын шал оорусу

Википедия дан

Балдардын шал оорусу, полиомиелит (гр. polios - боз жана myelos - мээ), Гейне-Медин оорусу - көбүнчө нерв системасын жабыркатуучу катуу кармама жугуштуу оору.

Немис врачы Я. Гейне (1840) 1-жолу ачып, швед врачы О. Медин (1890) оорунун эпидемиялык мүнөзүн жана таралышың аныктаган. Көбүнчө 2-4 жаштагы балдар ооруйт. Ооруну вирустар козгойт. Мээнин ткандарына оору козгоочу вирус - кан лимфа дем алуу, тамак сиңирүү жолдору аркылуу тарайт. Оорунун козгогучу эң оболу мээни, айрыкча жулунду жабыркаткандык-тан, балдардын оозу-мурду кыйшайып, колу-буту шал болот, Дарылоодо витамин, глюкоза, гаммаглобуяин, ооруну басаңдатуучу дарылар менен бирдикте физиотерапия колдонулат. Балдардын шал оорусунун алдын алуу үчүн балдарга эки айлыгынан баштап вакцина менен эмдөө жүргүзүлөт. .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.