Балдар психологиясы

Википедия дан

Балдар психологиясы - – баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн, факттарын, факторлорун жана механизмдерин изилдөөчү психология илиминин бир тармагы.

Балдар психологиясы атайын изилдөөлөр XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында пайда болгон. Белгилүү психологдор Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, А. А. Менчинская, П. Я. Гальперин, Д. Б. Эльконин, А. В. Запорожец ж. б. баланын психикасынын өнүгүүсүнө тарыхтын, маданияттын, айлана-чөйрөнүн жана иш-аракеттин тийгизген таасирин анализдешкен.

Балдар психологиясыда илимий -эксперименттердин коюлушу бул илимдин биздин респ-када өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген. Мындагы алгачкы ил. иштердин негизги максаты: балдардагы психикалык өнүгүүнү изилдөөдө жергиликтүү шарттын өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга багытталган.

Мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун психологиялык-педагогикалык принциптери М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбиялоо системасынын өнүгүшү (1917–1992)» деген эмгегинде чагылдырылган. Ил.-эксперименталдык, психологиялык изилдөөлөр С. И. Гершун, Ж. Жоокаев, Н. Н. Палагина, Ж. М. Жумалиева, К. Н. Кененбаева, Ч. А. Шакеева, С. В. Фатеев, А. Ысыкеев, К. Миңбаев, Т. А. Коңурбаев ж. б. психологдордун эмгектеринде кеңири берилген. Б. п-нын негизги проблемалары Н. Н. Палагина тарабынан ил. -эксперименталдык деңгээлде кеңири изилденип, «Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын оюндары» (1989), «Элес башаты» (1992) деген сыяктуу 70 басма табактан ашык эмгек жарыкка чыгарылган. Баланын ойлом процессинин өнүгүүсүн Ж. Жумалиева, балдардагы нарктуулуктарды кыргыз элдик каада-салттардын негизинде калыптандырууну Т. А. Коңурбаев изилдеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,