Бали (африкалык эл)

Википедия дан

Бали (боли; англ. bali, boli; өз аты: ɓalo, máyá) — Нигериянын чыгышында (Адамава штаты, Нуман району) жашаган эл.
Саны 4,2 миң адам.
Мумуйе, йенданг, вака, теме, кумба, пассам, генгле жана кугама элдери тил жана маданият жагынан бали элине эң жакын — алардын отурукташкан аймактары Балинин этникалык аймагынын түштүгүндө жайгашкан.

Тил

Бали («бибаали», «экпали», «ибаали», «абаали», «майя»; өз аты: báalí) тили Нигер-конго макробүлөсүнүн адамава-убанги уясына кирет.
Жазуусу латын алфавиттин негизинде (2007 жылдан бери).
Эне тилден тышкары фульбе жана хауса тилдери колдонулат.

Дин

Калктын 55% христиандар, 15% мусулмандар, 30% жергиликтүү ишенимдерди карманышат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]