Бам

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бам[оңдоо | булагын оңдоо]

Бам Ирандын түштүк чыгышында Керман облусунда жайгашкан маанилүү шаарлардын бири. Бам шаары Керман аймагындагы аянтынын чоңдугу боюнча экинчи орундагы шаар болуп саналат. Бам шаары Ирандын ЮНЕСКОдо катталган жалгыз шаары жана Бам тарыхый шаар катары азыркы учурда туристердин көз жоосун алган Керман облусунунда жайгашкан шаар. Бул байыркы шаар азыркы мезгилдеги шаарчанын борбордук бөлүгүнөн орун алган. Бул шаар чыгыш узундугу 58 даража жана 21 мүнөт аралыгында жана түндүк кеңдигинин 29 даража жана 6 мүнөт аралыгында 1060 метр деңиз деңгээлинен жогору турат. Байыркы Бам шаары борбордук Керман облусунан 195 км түштүк чыгыш тарабында жайгашкан. Курма, цитрус, хна шаардын белгилүү продукциясы болуп саналат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бам ирандын тарыхый шаарларынын бири. Ал Керман облусунда жайгашкан, эгер туристке Ирандын тарыхый сүрөттөрүнөн экини көрсөт беген болсок, алардын бирөө албетте Эрге Бам шаары. (Эрге Бам дүйнөнүн кыштан салынган эң чоң курулушу, чоңдугу жана кооздугу боюнча аны Улуу Кытай дубалына теңешет.) Ошондой эле Бам шаары байыртадан Ирандын Парижи катары атактуу болгон. Бам шаары борбордон 1200 км аралыкта орун алып, тарыхый жана айыл чарба азыктары (өзгөчө курма) боюнча дүйнөгө таанымал. Байыркы Бам шаары фарстын беш аймагынын бири болгон жана Ирандын чыгыш дарбазасы атына ээ болгон. Бам шаары тарыхтын кыйын кезеңинде (Лутфели хандын падышачылыгын акырындагы Бамга качкан убагы) Лутфели хан тарабынан Ирандын борбору болуп, бир канча убакыт борбор шаар катары турган. Патинжер англис туристи күн жыл санагы менен 1189-жылы Бамга болгон сапарында, анын чептеринин бекем экендигин байкап, төмөндөгүчө жазган: «Курулуш Ирандын курулуштарынын ичинен эч нерсеге теңелгис кылып кайрадан салынган. Бартольддун жазуусунда: Бам Кермандын өнөр жай борбору болгон жана Бамда пахтадан жасалган кездемелер Египетке чейин экспорт болуп турган. Йакуб, хижри жылнамасы менен 278*жылы Керман аймагы тууралу өзүнүн сөздөрүндө Бамдын чептери жөнүндө эскерген жана анын жазууларында, шаардын салынышы эбегейсиз чоңдугуна карабай өтө бекем курулганын айткан. Араптардын Х кылымдагы географтары, өзгөчө Макдиси, Бамдын экономикалык мааниси тууралу жакшы баяндаган, Макдисинин жазуусунда: «Бам чоң, маанилүү борбордук аймак жана анын эли чебер өнөрлүү адамдар. Бул шаар сооданын шаары жана адамдарды алыскы жолдон өзүнө тартткан шаар, андагы өндүрүлгөн кездемелер көптөгөн мамлекеттерге атагы чыккан. Бамдын атак даңкы Ислам дүйнөсүнө толук таркап, мамлекеттин сыймыгы болуп саналат, элдин көбү токуучулук менен алектенишет. Бамдын экспортко чыккан буюмдары шаардын жанындагы айылдарда өндүрүлөт, чыгыштагы жана батыштагы ислам дүйнөсүнө Бамда өндүрүлгөн буюмдарды жана анда токулган кийимдерди аздектеп баалашат. Андан сырткары Бам шаарында ар түрлүү кийимдер токулуп, көбүнчөсү кошуна өлкөлөргө экспорт болот». Доктор Музахари: «Жибек курттарын өстүрү жана жибек токуу аппараттарынын көбүнчөсү VI кылымдарда Йазд, Бам, Шуштар жана Хузестанда башталган жана болжол менен байыркы токуу өнөр жайынын көбүнчөсү Бам шаарынан негиз алган» деген. Бедоял Заман китебинде мындай деп жазылган: «Бам велаяты бейиштин жери. Бамдын алгачкы тургундары тууралу маалыматтар жокко эсе бирок анын курулуштары жана архитектуралык имараттырды салуу ыкмасын карап алар Арий маданиятына окшоштугу бар экенин (анткени байыркы иран тургундары мындай курулушка маани берген эмес) жана жогорудагыларды эске алуу менен бирге азыркы Бам аймагында жашаган тургундардын түпкү теги арийлерден келген деп божомолдоого болот. Арийлер ошол аймактын элин жеңген соң, алар менен аралашып кеткен жана жогоркудай мунараларды, бекем имараттарды курушкан. Бир канча жыл мурун, изилдөөчүлөр азыркы Бам аймагындагы Дехбакари менен бир канча айылдын тургундарынын каны менен байыркы Бамда табылган сөөктөрдүн ДНКсын салыштырып, анализдердегенде байыркы дененин ДНКсы менен азыркы аймактын тургундарынын ДНКсы бир болуп чыккан. Бул менен азыркы Дехбакари жана анын тегерегиндеги айылдардын тургундары байыркы Бамдын урпактары деп атоого толук далил бар. Байыркы шаардын курулушу Иран уламыштарында Бахман ибн Исфандиярга таандык деп айтып келишет.

Шахнамедеги хафтвад Бам уламыштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Хафтвад баянын Шахнаме жана Ардашир Папакан таржымал китебинен алсак болот, кажаран же кузеран деген аймак азыркы учурда Бамдын түндүк батыш тарабында бар, божомолдорго ылайык аны Бам шаарынын алгачкы негизи жана пайдубалы катары кароого болот. Сасаниддер доорунда Хафтвад, кажаран шаарында күн өткөзгөн кедей адам болгон, ал өкүмзарды кулатып өзү үчүн мурдагы өкүмзардын сепилинин ордуна бийик дөңчөгө мунара салган, ал азыркы учурдагы Эрге бам аймагы. Хафтвад, кажаран шаарындагы элди дөңчөнү бойлой жаңы курулуштарды салууга үндөгөн, өзү дөңчөнүн үстүндө туруп элди башкарган. Бам байыртадын Фарстын беш аймагынын бири болуп эсептелген. Ибн Хукел өзүнүн “Сурат ал Арз” китебинде хижрий жылынын IV*кылымында, Бамды шаар катары кенен жерде орун алган, абасы таза ден соолука пайдалуу жана көптөгөн курма дарактары бар деп эскерген. Бамдын үч мечитинин атын, хавареж мечити, хезаран мечити жана сепил мечити атап, шаардагы жогорку сапаттагы токулган кездемелер тууралу эскерген. Макдисинин “Ахсан ал такасим” китебинде, Бам шаарынын бастиону төрт дарбазадан, алардын аттары: нармашир, кусакан, асабикан жана куржин аталат деп жазган. Анын жазуусуна таянсак, көптөгөн базарлар шаардын сыртынан, дагы бир канчасы ички бөлүгүнөн орун алган. Бам Ирандын түштүк чыгышында Систан, Афганистан жана Белучстанды бириктирип турган жолдо орун алган, ошондуктан бул шаар Сасаниддер доорунан бери аскердик жана соода*сатык стратегиялык орунду ээлеген. Хижри жылнамасы менен 1131-жылы (ир.ж.) Мухаммад Афган Бам шаарына сокку урган, бирок Кандагарда көтөрүлгөн тынчсыздануунун себебинен улам Бамды таштап артка кетүүгө мажбур болгон. Андан соң экинчи ирет 1134-жылы (ир.ж.) Бамга жоортул жасап ал салгылашуу 1143-жылга (ир.ж.) чейин уланган. 1209-жылы (ир.ж.) Лутфулла хан Зенд дал ушул шаарда Ага Мухаммад хан Кажар тарабынан колго түшкөн. Хан Кажар эстелик катары каршылаштарынын 600 башын Бамга сайып кеткен.

Климат жана аба ырайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бамдын аба ырайы ысык жана кургак, бирок чөлгө жакындыгына байланыштуу ар түрлүү климаттуу, кээ бир учурда өлкөнүн жайкысын эң ысык жана кышкысын эң суук жери болуп катталган учурлар болгон. Нөшөрдүн жылдык жаашы 68 мм түзөт.

Бехбакари аймагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бамдын көз жоосун алган, мыкты аба ырайы жана туристик эс алуу жери болуп Дехбакари аймагы эсептелет. Дехбакари жашыл чөптүү, кооз аймак, чөлдүү Бам шаарчасынан бөлүнүп турат, ошондуктан кооздугу жана салкын аба ырайы менен Бам тургундарынын жүрөгүнөн орун алган. Андан сырткары жылдын бардык мезгилинде Дехбакариде саякатчы жана туристердин саны үзүлбөйт. Дехбакариде көптөгөн кол тийбеген бийиктиктер, аскалар жайгашып, жылдын баардык мезгилдеринде альпинисттер Керман облусуна көп каттоо менен андагы бийиктиктерди багындырып келишет.

Мургак аймагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бамдын дагы бир кооз жана кол тийбеген жерлеринин бири Мургак аймагы, ал жердин толук бөлүгү жапайы фисташка жана миндалдарга толо, жашыл өрөөндү аймак. Мургакта байыркы салттык иран музыкасы кенен таркаган. Дехбакари аймагы байыркы жазуучулардын жана адабиятчылардын жазууларында эки тозок ортосундагы бейиш жери деп аталып калган. Туристтердин негизги маселелеринин бири, Дехбакари аймагы тарапка өйдө алып чыкчу кабиналарды куруу болуп саналат, албетте бул маселе азыркы учурда аймактын башчылары тарабынан иштелип жатат. Андан тышкары Бамдын тегерегиндеги жашыл чөптүү Дарижан жана тоо кыркаларындагы таза абалуу айылдар Бамдын кооздуктарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Эрге Бам[оңдоо | булагын оңдоо]

Эрге Бам түндүк чыгышта жана шаардын жанындагы жибек жолунун боюнда орун алган, көптөгөн тарых булактарына таянуу менен парфяндардын жана ахамениддердин дооруна таандык экендиги эскерилет. Эрге Бам аймагы кажарлар доорунун акырына чейин өкүм сүргөн аймак болгон. Эрге Бам 1966*жылы 21-март 519 номуру менен улуттук тарыхый жана маданий курулуштардын тизмегине жана 2004-жылы январь айында маданий курулуш катары бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган. Эрге Бам дүйнөдөгү эң чоң кыштан курулган аймак болуп саналат, анын чоңдугу жана кооздугу боюнча байыркы кытай дубалы менен салыштырылат, тилеке каршы 2003*жылы декабрь айында болгон жер титирөөдө курулуштун негизине катуу зыян келтирилген. Эрге Бамды кайра куруу иши ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастарынын 12 мүчө мамлекети Италия, Германия, Франция, Япония жана башка мүчө мамлекеттерге ыйгарылган.

Тел оташин Дарестане Бам[оңдоо | булагын оңдоо]

Доктор Гаражиян жана доктор Мухтаринин башчылыгы менен адамзат тарыхынын өзгөрткөн атайын алгачкы изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул доордун башка окшоштуктары Палестинада табылган, анын Бамда табылган тарыхый буюмдар менен айырмасын Дарестан аймагындагы казылып алынган карапалардан карап чыксак болот.

Мейманканалар жана жатакана борборлору[оңдоо | булагын оңдоо]

Парсиан азади төрт жылдыздуу мейманкана

  • Эрге жадид төрт жылдыздуу мейманкана
  • Эрам үч жылдыздуу мейманкана
  • Кир үч жылдыздуу мейманкана
  • Жахангарди Бам эки жылдыздуу мейманкана
  • Эрг беш жылдыздуу мейманкана (курулуп жатат)
  • Жахангард бир жылдыздуу эс алуу үйү

= Өнөр жай жана экономика - Жаңы цитадель жана өзгөчө экономикалык аймак= Жаңы шаар өзгөчө экономикалык аймак, өнөр жай иштерин өнүктүрүү жана түзүү үчүн, инновациялык технологияларды, сырткы жана ички инвестицияларды тартуу жолу аркылуу жаңы иш орундары түзүү жана көбөйтүү максатында 2007*жылы расмий түрдө түзүлүп ишке киргизилген. Бул аймактын аянты 1100 гектарды түзүп, Бам шаарчасынын 10 км чыгыш тарабында Керман облусунда жайгашкан. Бул аймак, атайын экономикалык аймака кошулганга чейин сырткы инвестицияны “Дайво” Түштүк Корея машина куруу компаниясы менен биргеликте иштеген жана акырындык менен керектүү тармактарды башка компанияларга дагы түзүп берген. Ушул негизде азыркы учурда кенен инвестиция жана карым катнаш аркылуу Эрг шаарынын атайын экономикалык аймагы, өлкөдө машина куруу, машина тетиктерин жасоо жана башка өнөр жай тармагындагы жалгыз атайын экономикалык аймак катары саналат. Мамлекеттеги бардык түрдөгү өндүрүлүп жаткан машиналардын модели ушул аймактагы машина куруу компаниялары аркылуу жасалып. Умран Эрг компаниясы өзгөчө экономикалык аймактын алгачкысы катары аймактын өнөр жай, экономика жана туризминин өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Компаниянын аймакты өркүндөтүүдөгү алгачкы кадамдары, инфраструктура, ар кандай керектүү объектилер мисал катары, Бам аэропортун куруу, туристик жана жүк ташуучу аялдаманын ачылышы, темир жол жана жүктөрдү коюучу амбарлар, суу менен камсыздоо, электр энергия, коммуникация, мейманкаларды, спорт комплекстерин, эс алуу жана билим алуу мекемелерин салуу болуп саналат. Жана ошондой эле өнөр жай инвестициясына шарттарды түзүп аймактын потенциалын өстүрүүгө бел байлап келүүдө. Бул аймак акырындык менен мамлекеттин туристик жана эс алуу борборуна айланып келе жатат.

Машина куруу өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Бам машина куруучулары
  • Модиран машина куруу компаниясы
  • Керман мотор машина куруу компаниясы
  • Роин машина куруу компаниясы
  • Эрге дизель
  • Бам авто
  • Арман Электроник Эрг (Авто жана электроника зымдары)

Жана 20дан ашык авто тетиктерди чыгарчу заводдор бар.

Бам зелзелеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги жазылыш: Бам зелзелеси Бам зелзелеси (жер титирөө) 2003-жылы 26-декабрда таңга маал 6.6 даражада болгон. Бул жер титирөөдө ар кайсы статистикалык эсептер менен 52 миңден 70 миңге чейин адам каза тапкан, (расмий статистикада 52 миң адам каза болуп, 30 миң адам жаракат алган, жана жүз миңден ашуун адам үйсүз калышкан) ошондой эле бул жер титирөөдө Эрге Бамдын тарыхый курулуштарынын көпчүлүк бөлүгү кыйроого учураган.

Белгилүү жана атактуу инсандар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ираж Бастами
  • Дарий Рафии
  • Курус Сархангзаде
  • Махди Бехзадпур
  • Мухаммад Али Улуми
  • Тайан Жажхай (Тайан Бами)

Эс алуу жана туристик аймактар (өзгөртүү)

  • Адури дарыясы
  • Дехбакари айыл аймагы
  • Пист Афруд
  • Эрге жадид

Университеттер жана жогорку билим алуу борборлору[оңдоо | булагын оңдоо]

Бам университеттер борбору. Төмөндө шаарда жайгашкан университеттердин тизмеси:

  • Бам медициналык илимдер университети
  • Пайаме Нур Университетинин Бамдагы филиалы
  • Азад ислам университетинин Бамдагы филиалы
  • Бам жогорку илимдер окуу жайы
  • Али ибн Абу Талеб техникалык Бам университети
  • Бам колдонмо илимдер жана технология университети
  • Бам коомдук илимдер университети
  • Бам геологиялык коркунучтар борбору

Бир тууган шаарлар[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги жазылышы: Иран бир тууган шаарлар компаниясы Нишапур, Иран Ошондой эле (өзгөртүү)

  • Мазафати курмасы
  • Педе (Бам)

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 2011-жылдагы каттоонун натыйжасы. Түштүк Хорасан губернаторлугу (Иран борбордук статистикасынан алынган)
  • Эрге Бам аймагы мурастар тизмегинин коркунучунда
  • Маданий мурастар уюму, Бам шаары менен таанышуу Court
  • Мехр массалык маалымат каражаты: Эрге Бам тарыхы жана тарыхый ширин жомоктор Court
  • Керман облусунун өнөр мектеби: Бам шаары менен таанышуу Court
  • Маданий мурастар расмий сайты: Бам шаары менен таанышуу Court
  • Иран маданий мурастары Court
  • Экономика: Курма жана Фисташки азыктары Court
  • Негах массалык маалымат каражаты: Эрге Бам жана анын кооздуктары Court
  • Арман: Бам шаары жалгыз гана шаар эмес Court
  • Ирандын туристтик кооз жерлери менен тааныштыруу Court
  • Иран архитектуралык коому Court
  • Иран чөлдөрү менен таанышуу Court
  • Азад университетинин расмий сайты: Бам шаары менен таанышуу Court
  • Иран маданий мурастарынын документтик жана административдик борбору Court
  • Жогорку окуу жайы, Бам менен таанышуу Court
  • Мехр массалык маалымат каражаты: Эрге Бам Ардеширден Лутфулла ханга чейин Court
  • Кажаран кузеран: Хафтвад Бам тарыхый жомогу Court
  • Маданий мурастар уюму: бам тарыхый тереңдиктен дүйнөлүк мураска чейин Court
  • Улут үйү, парламент сайты Court
  • Онлайн маалымат: ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастарына сапар Court
  • Арман: Чөлдөн бейишке чейин 70 км аралык, сүрөттөр Court
  • Туристик кооздуктар менен таанышуу Court
  • ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмеги Court
  • Эрге Бам дүйнөнүн кыштан жасалган эң чоң курулушу Court
  • Ирна массалык маалымат каражаты: Эрге Бамды калыбына келтирүү иштери 12 мамлекетке жүктөлдү
  • Маалымат аналитикалык борбор
  • Маданият жана антропология
  • Эркин соода сатык аймагынын жогорку кеңеши Court
  • «Бам жаңы шаары», Эрге жадид расмий сайты
  • «Бам жогорку окуу жай борбору», маалымат аналитикалык борбор
  • Нишапур жана Бам бир тууган шаарлар аталды. Мехр маалымат каражаты
  • Бахтияри, Саид. Иран облустарынын географиялык атласы. Биринчи басылыш. Тегеран. География жана картография институту.