Бандаж

Википедия дан
Бандаж.

Бандаж - курсак чыңалтмасындагы чуркуну жабуу үчүн, курсак чыңалтмасын өтө чоюлуудан сактоо жана ички органдарды нормалдуу абалда кармоо максатында колдонулат. Бандаж пайдаланышына жараша дарылоочу жана алдын алуучу (профилактикалык) болуп айырмаланат. Аларга курсак бандажы, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки бандаж, ошондой эле чурку бандажды кирет.

Төрөткө чейинки, төрөттөн кийинки бандаж[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алуучу бандаж кош бойлуу мезгилде жана төрөттөн кийин курсактын өтө чоюлушун алдын алуу максатында, айрыкча булчуң системасы начар аялдарга, ошондой эле ич көңдөйүнө чоң операция жасалганда ич чуркусу пайда болбосун үчүн сунуш кылынат. Төрөткө чейинки бандаж тыгыз кездемеден баланын өсүшүнө жараша кеңейтилүүгө ылайыктап тигилип, капталынан топчуланат. Бандажды эртең менен төшөккө жаткан бойдон жамбаш чарасын өйдө көтөрүп кийүү керек. Төмөндөн жогору топчуланат. Эгерде бандаж туура кийилсе киши өзүн жакшы сезет. Төрөттөн кийинки бандаж төрөткө чейинкиге караганда узунураак болот. Аны 3 айдан ашык кийүүгө болбойт, себеби курсак булчуңун начарлатып жиберет.

Дарылоочу бандаж ички органдардын түшүшүндө (мисалы, карын, ичеги, бөйрөктүн) докдурдун сунушу менен колдонулат. Мындай бандаж бандаж мастерскоюнда гана тигилет.

Чурку бандаж[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чурку бандаж ар кандай себептер менен операция жасоого мүмкүн эмес чуркуда, белгилүү мөөнөткө гана кийилет. Чурку бандаждынын сырты жумшак булгаары же күдөрү менен капталган солкулдак болот пластинкадан туруп, атайын жаздыкчасы чуркунун оозун жаап турат. Бул бандаж да докдурдун көзөмөлүндө тандалат.

Бандаждын түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бандаждын төрт түрү бар:

  • Чурку[1],
  • операция кийин кийилүүчү,
  • Төрөткө чейинки, төрөттөн кийинки бандаж
  • жамбаш сөөктөрү

Примечания[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Послеоперационные грыжи. Лечение послеоперационных грыж

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8