Баратбек Сыдыкназаров

Википедия дан
Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович
Сузак районунун акими
Портрет
Туулган датасы:

18 -август 1978(1978-08-18) (45 жаш)

Туулган жери:

Кыргызстан Талас облусу Киров району

Жарандыгы:

Кыргызстан

Балдары:

эки уул жана бир кыздын атасы

Сайт:

suzak.gov.kg


Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович ( кырг. Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович ) — Кыргыз мамлекеттик ишмери. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Сузак районунун акими.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1978-жылы 18-августта Талас облусунун Киров районундагы Ак-Башат айылында туулган.

1995-жылы Талас облусунун Киров районундагы Кара-Сай мектебин аяктаган. 1998-жылы Кыргыз-Россия билим берүү академиясына [1] тапшырып, 2006-жылы «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча менеджер квалификациясын алган. 2007-2010-жылдары Кыргыз улуттук университетинин [2] «Экономика жана мекемени башкаруу» адистигине тапшырып, «экономист» дипломун алган.

Карьера[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баратбек Сыдыкназаров эмгек жолун 2002-2003-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча жаратылыш паркында инспектор болуп иштөөдөн баштаган;

2003-2004-жылдары «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын коргоо кызматынын кызматкери;

2004-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешелер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, башкы адиси [3] ;

2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын жардамчысы  ;

2011-2015-жылдары Республиканын Социалдык фондунун Талас райондук бөлүмүнүн башчысы  ;

2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кара-Буура райондук бөлүмүн жетектеген [3];

2016-2021-жылдары Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким.

2021-жылдын 22-майынан бери Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким.

Сыйлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги» төш белгиси [4] ;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы  ;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги [5] » төш белгиси;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.

Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович

Районду өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана идеялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Бишкек-Ош” автожолунун “Жалал-Абад-Маданият” бөлүгүнүн Сузак районундагы аралыгы реконструкцияланган бөлүгү 3-категориядан 2-категорияга өткөрүлүп, негизги жолго асфальт толук төшөлүп, учурда жол белгилерин орнотуу жана тратуарларын куруу иштери улантылууда;

“Жалал-Абад-Балыкчы” автожолунун Тогуз-Торо району менен чектеш жериндеги туннелге чейинки аралыгына асфальт төшөлүп, туннел толук аякташы менен ачылуу алдында турат;[6]

Сузак районунун Багыш (Сафаровка) жана Көк-Арт (Жалгыз-Жаңгак) айыл аймактарына Жалал-Абад Эл аралык аэропортун куруу иштерине 300га жер тилкесин транформациялоонун көктөмөсү даярдалып, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо иштери алып барылууда;[7]

Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасынан “Бизнес Драйв” ЖЧКна 4,0 га жер аянты ажыратылып берилип, учурда кубаттуулугу 2,4 Мвт түзгөн 80,0 млн. сомдук чакан ГЭСнин курулуштары аягына чыгарылды;[8]

“Кок-Арт чакан ГЭС” ЖЧКсы Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылына кубаттуулугу – 6,7 МВт түзгөн, орточо жылдык продукция э/э – 22,9 млн. кВтс өндүрүүчү чакан ГЭСнин курулушу аяктоо астында турат;[9]

Райондун аймагындагы турак жайга муктаж болгон жарандардын маселесин чечүү максатында Ленин айыл аймагынан 3,39 га жер аянты, Барпы айыл аймагынан 34 га жер, Ырыс жана Сузак айыл аймактарынан 12,32 га (анын ичинен саркынды сууларын жайгаштырууга 6,72 га) жер аянты ипотекалык турак жай курууга ажыратып берилип, курулуш иштери башталды;[10]

Барпы айыл аймагынын Чокмор айылында Сузак аймактык ооруканасынын жаңы 75 орундуу төрөт бөлүмүнүн имаратынын курулушуна 3,0 га жер аянты ажыратылып, курулуш иштери башталып, 2024-жылдын июнь айына бүткөрүү пландап жатабыз;

Сузак аймактык ооруканасынын 40 орундуу инфекциялык бөлүмүнүн имаратынын 2024-жылдын июнь айында пайдаланууга берилүүсүн пландалууда;[11]

Багыш айыл аймагында Октябрь аймактык жалпы дарыгердик практикалык борборунун 20 орундуу төрөт бөлүмүн капиталдык оңдоп түзөө иштери 15,9 млн сомго жүргүзүлүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет;

2024-жылы Жалал-Абад-Сузак, Сузак-Кара-Дарыя автожолунун Күмүш-Азиз жана Сузак айылындагы арылыгы 22 метр аралыкка кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, жол категориядагы жолдун талаптарына ылайыкташтырылып кеңейтилет.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]